Вардзия
Вардзия ( груз. ვარძია ) — Грузиянын түштүгүндөгү Жавахетиядагы 12-13-кылымдарга таандык үңкүр монастыр комплекси. Орто кылымдагы грузин архитектурасынын көрүнүктүү эстелиги. Самцхе-Жавахети облусунун Аспиндза аймагында, Кура дарыясынын өрөөнүндө (Мтквари), Боржоми шаарынан түштүктө болжол менен 100 км алыстыкта, ошол эле айылдын жанында жайгашкан.
Куранын жээгинен 900м аралыкта Эрушети (Аю) тоосунун тик кырлуу дубалына 600гө чейин бөлмөлөр оюлуп жасалган, алар чиркөөлөр, турак жай, кампалар, мончолор, ашканалар, казыналар, китепканалар. Комплекстин жайлары аскага 50 метр тереңдикте кирип, сегиз кабатка чейин көтөрүлөт. Бөлмөлөрдү бириктирүүчү жашыруун өтмөктөр, суу менен камсыздоо жана суугат системасынын калдыктары сакталып калган.
Монастырдын борборунда Ыйык Бүбү Мариям урматына негизделген храм жайгашкан. Чиркөө залы ийбадатканасы кутуча сыяктуу капталган ( аркалар менен курчалып) жана дубалдарында уникалдуу фреска сүрөттөрү бар (анын ичинде Король Георгий III жана Ханыша Тамаранын сүрөттөрү, 1180-жылдардагы уста Гиоргиники). Негизги тарыхый-көркөм баалуулукка «Успения Божией Матери», «Вознесения» жана «Преображения» фрескалары ээ.
Вардзия монастырынын ансамбли 1156-1205 - жылдары Георгий III жана анын кызы ханыша Тамаранын тушунда негизделген. Грузиянын түштүк-батыш чек арасында жайгашкан монастыр чеп Кура дарыясынын капчыгайында түштүгүнөн түрктөрдөн жана ирандыктардын басып киришинен сактаган. Ошол учурда, монастырдын бардык жайлары аска менен жашырылган, алар жер үстүндөгү үч жер астындагы өткөөл аркылуу гана туташып турган, ал аркылуу аскерлердин чоң отряддары душман үчүн күтүүсүздөн пайда болушу мүмкүн. 1193-1195 - жылдары Селжук түрктөрү менен болгон согушта каныша Тамара Вардзияда өзүнүн ордосунда болгон.
Элдик этимология «Вардзия» деген аталыштын келип чыгышын төмөнкү уламыш менен түшүндүрөт. Бир жолу Тамара ханыша кичинекей кезинде таякеси менен үңкүрүндө ойночу, ал кезде монастыр дагы бүтө элек болгон. Бир убакта таякеси үңкүрлөрдүн лабиринтинен баланы таппай калганда жаш Тамара: "Мен бул жердемин, таяке!" ( груз. «აქ ვარ, ძია», “Ак var, dzia!”), деп кыйкырып. Падыша Георгий III кызынын үнүнөн монастырдын аталышын коюуга буйрук берген .
1283- жылы Самцхеде катуу жер титирөө болуп, анын натыйжасында калыңдыгы 15 метрге жеткен тоо тек катмары аскадан бөлүнүп, Курага түшүп кеткен. Комплекстин үчтөн экисине чейинки бөлүгү талкаланган же катуу жабыркагандыктан, көптөгөн бөлмөлөр ачык бойдон калган. Ошентип, Вардзия коргонуу маанисин жоготту. 13-кылымдын аягы - 14- кылымдын башында Самцхи князы Беки Жакелинин тушунда монастыр калыбына келтирилип бүткөрүлгөн, өзгөчө сыртта коңгуроо мунарасы курулган.
1551- жылы монастырды перс шахы Тахмасптын аскерлери басып алып, жарым-жартылай талкалап, ал эми 16-кылымдын аягында болсо түрктөр басып келишкен. Түрк аскерлери монастырдын башкы храмынын ичинде оорулуу жана алсыз кечилдерди тирүүлөй өрттөшкөн. Бул ырайымсыз аракеттер храмдын уникалдуу фрескаларынын калын көөнүн астында сакталып калышына өбөлгө болгон. Кийинчерээк кышында монастырдын үңкүрлөрүнө баш калкалаган түрк чабандарынын отунун аркасында көө катмары өсүп кеткен.
1828- жылы Жавахети орус аскерлери тарабынан түрктөрдөн бошотулган. Бир нече убакыт өткөндөн кийин, православдык гректер Вардзияда монастырдык жашоону жандандырып башташкан.
Совет бийлигинин жылдарында Грузияда кечилчилик жоюлган; 1938- жылы Вардзия комплекси музей-корук комплекси деп белгиленген. 1980-жылдары Грузиянын патриарх-католиги Илья II Вардзияда монастырдык турмушту кайра жандандыруу үчүн күрөшүа баштаган. Бүгүнкү күндө Вардзия монастырь болуп саналат, бирок ал жерде кызмат өтөчүлөр мурунку кылымдарга караганда бир топ азыраак.
2004-жылдын сентябрында Грузиянын Маданият, эстеликтерди коргоо жана спорт министрлиги монастырдык комплексти реабилитациялоо боюнча бир катар дренаждык системаларды калыбына келтирүү, комплекстин үстүнкү тектерин тазалоо, кооптуу жаракаларды толтуруу жана аларды кеңейтүү процессин токтотуу, таштарды кармап турган таянычтарды калыбына келтирүү сыяктуу иштерин жүргүзгөн.
Учурда Вардзия үңкүр монастырь Грузиянын түштүгүндөгү негизги туристтик жайлардын бири. 2005- жылы комплексти ЮНЕСКОнун Бүткүл дүйнөлүк мурастар тизмесине киргизүү маселеси көтөрүлгөн.
Вардзияга жакын жерде дагы көптөгөн үңкүр шаарлар бар, анткени бул жер байыркы доорлордон бери ыйык деп эсептелген. Үңкүр шаарлардан тышкары, дөңсөөлөрдөн көптөгөн мегалиттик имараттарды кездештирүүгө болот, мисалы, Суло кыштагынын жанында үч мегалиттик имарат бар, ал эми тоолордо андан бийик, Абули жана Шаори байыркы мегалиттик чептери бар. Кала берсе Мгелис-Цихе (Карышкыр чеби) дагы бар, бирок ал учурдагы Түркиянын аймагы болуп саналат. Үңкүр шаарлардын ичинен Ванис Квабеби (Ван үңкүрлөрү) өзгөчө кызыктуу, ал такталбаган, бирок өтө ыктымалдуу маалыматтар боюнча Вардзия менен 3 чакырым жер астындагы өтмөк аркылуу туташтырылган. Ал жер титирөөнүн кесепетинен кулап калган болушу мүмкүн.