Варкиза келишими

Википедия дан

Варкиза келишими -Грециянын улуттук-бошт. фронту менн Н. Пластирастын өкмөтүнүн ортосунда 1945- ж 12-февралга Афиныга жакын жердеги Варкизи да түзүлгөн.

Анда өлкөдөгү согуш абалын токтотуу, саясий иш боюнча камактагыларга түгөл амнистия беруу, барымтага кармалгандарды бошотуу, чогулушка, басма сөзгө эркиндик беруу каралган. Пластирастын өкмөту мамл. аппаратты чыккынчылардан тазалоого, бар­дык отряддарды куралсыздандырууга жанa туруктуу армия түзүүгө милдеттенген. Варкиза келишиминде өлкөнүн мамл. түзүлүшү жөнүндө плебисцит (гр. plebisci- tum — эл чечими), андан кийин парламенттик жалпы эркин шайлоо өткөрүү белгиленген. Ушундай шартта гана Грециянын улуттук-бошт. фронттунун жетекчилери армиясын таратып, куралын өкмөт органдарына өткөруп берүүгө макул болушкан. Би­рок Грециянын реакциячыл өкмөтү убадага турбай жацы отряддарды куралдандырган. 1946-ж. 1-сентябрда алдамчылык менен өткөрүлгөн «плебисциттен» кийин өлкөдө монархия калыбына келтирилген.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.