Варметр
Варметр - өзгөрмө токтун электр тизмегиндеги реактивдүү кубаттуулукту өлчөөчү прибор: кубаттуулук Q=UIsinj формуласы менен берилет, мында U чыңалуу, I электр тогунун күчү, j алардын ортосундагы фазалардын жылышуу бурчу. Негизинен өнөр жайлык жыштыктагы (50 Гц) үч фазалуу өзгөрмө ток тизмегинде колдонулат жана ваттметрдей схемада туташтырылат. Варметрдин негизин электр ченегич механизм (адатта электр-динамикалык же ферродинамикалык система) жана варметрдин көрсөтүүсүнүн sinj чоңдугуна пропорциялуулугун камсыз кылуучу электр схемасы түзөт.
Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]
- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 2-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2007. 808 бет, илл. ISBN 978 9967-14-055 -4