Васнецов, Виктор Михайлович

Wikipedia дан
Jump to navigation Jump to search

Васнецов, Виктор Михайлович (1848, азыркы Киров облусу – 1926, Москва) – орус живописчиси. И. Н. Крамскойдон (1867–68), Петербург көркөм сүрөт академиясынан (1868–75) таалим алган. 1893-ж. академиянын анык мүчөлүгүнө шайланган. 1878-ж. көчмө көргөзмөчүлөр тобуна кирген. Чыг-лыгын 1870-ж. баштаган. Алгачкы чыгармаларында (“Тилемчилик”, 1876; “Согуштук телеграмма”, 1878, Третьяков галерея) өз доорунун типтүү көрүнүштөрүн чагылдырган. 1880-жылдары орус тарыхына, элдик былиналар менен жомокторго арналган чыгармаларды жараткан. “Алёнушка” (1881), “Карышкыр минген ханзаада Иван” (1889), “Баатырлар” (1881–98), “Падыша Иван Васильевич Грозный” (1897) жана башка эпикалык мүнөздөгү чыгармаларында эл эңсеген идеалдар менен ыйык патриоттук сезимдерди поэтикалык формада берген. В. Москвада тарых музейине арнап “Таш доору” (1883–85) аттуу монументтүү панно жасаган. Совет мезгилинде да элдик жомок темасында иштөөнү улантып, “Добрыня Никитичтин жети баштуу Ажыдаар Горыныч менен кармашы” (1918), “Өлбөс Кощей” (1917–26) деген чыгармаларды жараткан. В. портретчи катары да белгилүү.

Колдонулган адабияттар[оңдоо | булагын оңдоо]