Васюган

Википедия дан

Васюган, Васюганье — Батыш Сибирь ойдуңунун түштүгүндөгү саздуу, көлдүү кеңири түздүк.

Батыш жана түш.-батышынан Иртыш, түндүгүнөн жана түн.-чыгышынан Обь дарыяларынын өрөөндөрү менен чектешип, туш. бөлүгүндө Бараба талаасына өтөт.

Рельефи жалпак, орто бөлүгү бир аз өрдөш. Васюган, Чоң Юган ж. б. дарыялардын куймалары менен тилмеленген. Эң бийик жери 166 м. Неогендпк кум-чополуу чөкмөлөрдөн турат. Жеринин 48% саздак. Кургак жерлеринде кедр аралашкан пихта-карагайлуу токой, саздуу суу бөлгүчтөрдө кызыл карагай өсөт. Нефть жана газ кендери бар.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.