Ватер сызыгы

Википедия дан

Ватер сызыгы (голл. water-lijn, water — суу жана lijn — сызык) — кеме корпусу менен суу бетинин тийишкен сызыгы.

Ал жүк жана теорпялык Ватер сызыгы болуп бөлүнөт. Жүк Ватер сызыгы кемеге толтура жүк салынганда анын сууга матырылгандыгын көрсөтүп, суунун бетине дал келет. Кеменин теориялык чиймесине түшүрүлө турган теориялык Ватер сызыгы — кеме корпусунун бети менен горизонттук тегиздиктин кесилишкен сызыгы.



Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.