Мазмунга өтүү

Вахидов Эркин Вахидович

Википедия — ачык энциклопедия
Вахидов Эркин Вахидович
өзб. Erkin Vohidovich Vohidov
Туулган датасы:

28 -декабрь 1936(1936-12-28)

Туулган жери:

СССР, Өзбек ССР, Фергана облусу, Алтыарык району

Өлгөн датасы:

30 -октябрь 2016(2016-10-30) (79 жаш)

Жарандыгы:

 ССРС
 Өзбекстан

Ишмердүүлүгү:

акын, драматург, котормочу, коомдук жана мамлекеттик ишмер

Чыгармаларынын тилдери:

өзбек тили

Сыйлыктары:
  • Өзбекстан Баатыры
  • «Буюк хизматлари учун» ордени
  • «Дустлик» ордени
  • Өзбек ССРинин эл акыны
  • Өзбек ССРинин Хамза Хакимзаде Ниязи атындагы мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты
Вахидов Эркин Вахидович Викиказынада

Вахидов Эркин Вахидович (өзб. Erkin Vohidovich Vohidov) (28-декабрь 1936-жыл, Фергана облусу, Алтыарык району — 30-май 2016-жыл, Ташкент[1]) — өзбек совет акыны, драматург, мамлекеттик жана коомдук ишмер, Өзбекстан Баатыры (1999), Өзбек ССРинин эл акыны (1987), Өзбек ССРинин Хамза Хакимзаде Ниязи атындагы мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты (1983)[2].

Эркин Вахидов Фергана облусунун Алтыарык районунда мугалимдин үй-бүлөсүндө төрөлгөн. 1960-жылы Ташкент мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктаган.

Университетти бүтүргөндөн кийин «Ёш гвардия» басмасында редактор (1960—1963) жана башкы редактор (1975—1982) болуп иштеген. Ошондой эле Гафур Гулям атындагы адабият жана искусство басмасында редактор, башкы редактор (1963—1970) жана директор (1985—1987) кызматтарын аркалаган. 1982—1985-жылдары «Ёшлик» журналынын биринчи башкы редактору болгон[2][3].

1990-жылдан тартып коомдук-саясий ишмердүүлүк менен алектенип, төмөнкү кызматтарды ээлеген:

  • Өзбекстан Жогорку Кеңешинин айкындуулук маселелери боюнча комитетинин төрагасы (1990—1995)
  • Өзбекстандын Олий Мажлисинин эл аралык иштер жана парламенттер аралык байланыштар комитетинин төрагасы (1995—2005)
  • Сенаттын илим, билим берүү, маданият жана спорт маселелери боюнча комитетинин төрагасы (2005—2009)[4]

1999-жылы Вахидовго Өзбекстан Баатыры наамы ыйгарылган[5].

Эркин Вахидов 2016-жылдын 30-майында Ташкентте каза болуп, «Чигатай» көрүстөнүнө коюлган[6].

Вахидов Эркин Вахидовичтин эстелиги

Чыгармачылыгы

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Эркин Вахидов алгачкы ырларын мектепте окуп жүргөн кезинде жазган. Анын биринчи ыр жыйнагы — «Таң деми» 1961-жылы жарык көргөн. Кийинки жыйнактары дээрлик жыл сайын басылып чыккан:

  • «Силерге ырларым» (1962)
  • «Жүрөк жана акыл» (1963)
  • «Менин жылдызым» (1964)
  • «Жаңырык» (1965)
  • «Лирика» (1966)
  • «Жаштык диваны» (1969)
  • «Чырак» (1970)
  • «Азыркы жаштар» (1971)

Роберт Рождественский Вахидовдун чыгармачылыгын жогору баалап, анын «Жердин түшү» жана бенгал акыны Кази Назрул Ислам тууралуу жазылган «Өлбөстөрдүн көтөрүлүшү» поэмаларын өзгөчө белгилеген.

Вахидов эпикалык, публицистикалык жана башка жанрларда да эмгектенген, бирок ыр жана обонго жакын чыгармалары менен кеңири таанылган. Анын көптөгөн ырлары өзбек ырчылары тарабынан аткарылып, эл арасында популярдуу болгон.

Кийинки мезгилдеги чыгармачылыгы алгачкы чыгармаларынан айырмаланып, поэтикалык интонациясынын жумшак жана агымдуу болушу менен мүнөздөлгөн. Бул мезгилде төмөнкү жыйнактары жарык көргөн:

  • «Сүйүү» (1976)
  • «Тирүү планеталар» (1978)
  • «Чыгыш жээги» (1982)
  • «Урпактарга кайрылуу» (1983)
  • «Уйкусуздук» (1985)
  • «Азаптар» (1991)
  • «Ачуу чындык жакшыраак» (1992)

Вахидовдун калемине «Жердин түшү», «Чатырда жазылган поэма», «Берилгендик», «Өлбөстөрдүн көтөрүлүшү», «Жеңүүчү жана чачтарач» поэмалары, ошондой эле «Алтын дубал», «Стамбул трагедиясы», «Экинчи тумар» пьесалары таандык.

Иоганн Вольфганг фон Гөтенин «Фауст» чыгармасын, ошондой эле Сергей Есенин, Александр Твардовский, Мухаммад Икбал, Расул Гамзатов, Габиль Эмин жана башка акындардын чыгармаларын өзбек тилине которгон.

Сыйлыктары жана наамдары

[түзөтүү | булагын түзөтүү]
  • Өзбекстан Баатыры (1999)[7]
  • «Буюк хизматлари учун» ордени (1999)[8]
  • «Дустлик» ордени (1999)[9]
  • Өзбек ССРинин эл акыны
  • Өзбек ССРинин Хамза Хакимзаде Ниязи атындагы мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты (1983)[10]
  1. Скончался Эркин Вахидов.
  2. 1 2 Эркин Вахидов
  3. Биография Эркина Вахидова. Текшерилген күнү 12 -май (бугу) 2026. Түп булактан архивделген күнү 26 -ноябрь (жетинин айы) 2015.
  4. Руководство страны соболезнует в связи с кончиной Эркина Вахидова.
  5. 10 писателей современного Узбекистана.
  6. Как выглядят "престижные кладбища" Центральной Азии. Фоторепортаж.
  7. Указ Президента Республики Узбекистан от 25 -август (баш оона) 1999 года № УП-2378 «О присвоении звания «Узбекистон Кахрамони»
  8. Указ Президента Республики Узбекистан от 30 -ноябрь (жетинин айы) 1996 года № УП-1653 «О награждении Э. Вохидова орденом «Буюк хизматлари учун»
  9. Указ Президента Республики Узбекистан от 25 -август (баш оона) 1994 года № УП-939 «О награждении в связи с 3-й годовщиной провозглашения независимости Республики Узбекистан
  10. Адабиёт, санъат ва архитектура соҳасида Ҳамза номидаги Ўзбекистон ССР давлат мукофотларини бериш тўғрисида

Тышкы шилтемелер

[түзөтүү | булагын түзөтүү]