Вашингтон Университети (Сент-Луис)

Сент-Луистеги Вашингтон университети (англ. Washington University in St. Louis; ВашЮ же ВУСTЛ деп кыскартылат) - жеке изилдөө университети. Ал АКШдагы Миссури штатына караштуу Сент-Луис шаарында жайгашкан. 1853-жылы Джордж Вашингтон атындагы университет болуп ачылган. Студенттер жана мугалимдер бардык 50 Америкадагы штаттарынан жана 120дан ашык мамлекеттен келишкен. 25 Нобель сыйлыгын алуучулары Вашингтон Университети менен байланышта болгон, алардын 9у изилдөөнүн негизги бөлүктөрүн бүтүрүкөн. Вашингтон Университети бакалвр программасы боючна 2017-жылы U.S. News & World Report 19-орунду ээлеп, ал эми 2016-жылы Wall Street Journal тизмегинен 11-орунду ээлеген. Университет 2016-жылы Дүйнөлүк ЖОЖдордун академиялык рейтинги боюнча 23-орунда турат.
Вашингтон Университети жети бакалавр жана магистратура мектептери болуп, академиялык ар кандай илимий тараптарды камтыйт. Университеттин жайгашкан жери боюнча башаламанды алдын алуу үчүн, Камкорчулар кеңеши тарабынан 1976-жылы "Сент-Луис" деген сөз айкашын кошушкан.