Веганчылык

Википедия дан

Веганчылык (англ. veganism) - вегетарианчылыктын эң катуу эрежелерин карманып, жаныбарлардан өндүрүлгөн бардык өнүмдөрдү колдонуудан баш тартуу жолу. Веганчылык принциптерин карманган кишилер - вегандар деп аталышат. Вегандар жаныбарлардан өндүрүлгөн бардык өнүмдөрдү - эт, балык, жумуртка, сүт (наристелерге эмчек сүтүн берүүдөн тышкары), сүт өнүмдөрүн жана балды пайдаланышпайт. Ошондой эле, жаныбарлардын аң терисин, булгаары, жүн, жибек өнүмдөрүн дагы колдонуудан баш тартышат. Эреже катары жаныбарларды оюн-зоок тармагында жана тажрыйба коюу максатында колдонууга каршы турушат. Веганчылыктын идеологу жана жайылтуучусу Доналд Уотсон (1910-2005) пикирине ылайык, веганчылыктын негизги себептеринин бири - этикалык.