Ведомости

Википедия дан

"Ведомости" - 1999-жылдан бери чыккан Орусиянын күндөлүк иш гезити. Гезитте экономикалык, каржылык, корпоративдик жана саясий окуялар жөнүндө маалыматтар берилет, кырдаалдардын өнүгүшү талданат жана божомолдор кылынат.

Гезит аптанын иш күндөрү 12-16 гезит тилкесине чыгат. Аптанын акыркы саны "Жума" тиркемесин камтыйт, айрым сандар башка тиркемелерди да камтышы мүмкүн - мисалы, кыймылсыз мүлк же экологиялык долбоорлор жөнүндө тиркемелер.

Басманын маалыматтарына караганда 2016-жылдын ноябрь айында гезиттин 20 миңге жакын акы төлөөчү абоненти болгон.

Тарыхы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Гезиттин негиздөөчүсү жана идеологу - бастыруучу Дарк Сауэр.

"Ведомости"-нин биринчи башкы редактору (1999-2002) Леонид Бершидский болгон. Ал INSEAD ишкердик мектебине өтүп, кызматын тапшыргандан кийин басылманы Татьяна Лысова жетектеген. 2007-жылы мартта Лысованы "Ведомости"-нин редакциялык директору кылып дайындашкан. Жаңы башкы редактор болуп, Елизаветта Осетинская шайланган. 2010-жылы мартта Лысова бул кызматка кайтып келип, басылманы 2017-жылдын майына чейин жетектеген. Андан кийин башкы редакторлукка Илья Булавинов дайындалган.

2013-жылга чейин Broadsheet [en] А2 түрүндө чыгып келген, кийин A3 түрүндө чыга баштаган.

Догмасы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

"Ведомостинин" догмасы 2001-жылдын 1-январынан тарта ишке аша баштаган редакциялык эрежелерден турат. 20 беттен турган бул документ гезиттин бардык кабарчыларына жана редакторлоруна бирдей тиешелүү болуп саналат. Догманын негизги принциптери: көз карандысыздык, чынчылдык, калыстык

Ээсинин алмашканы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

2015-жылга чейин гезитти Sanoma Independent Media басма үйү англиялык Financial Times жана америкалык The Wall Street Journal (медиа-магнат Руперт Мөрдок көзөмөлдөгөн News Corporation) менен бирге чыгарып келген. Ар бир компания гезиттин 33%ына ээлик кылган.

2014-жылы күзүндө "Массалык маалымат каражаттары жөнүндө" мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилген. ЛДПРдин өкүлү Вадим Деньгин баш болгон бир катар депутаттар демилгелеген бул өзгөртүүгө ылайык, 2016-жылдын 1-январынан тарта чет өлкөлүктөр Орусия медиасынын 20%ынан көбүнө ээлик кыла алышпайт. ММК бул өзгөртүүлөрдү ""Ведомости" жана Forbes" атындагы мыйзам деп аташкан. Эмнеге дегенде, "чет өлкөлүктөрдүн" ичинен ушулар гана коомдук-саясий жана экономика темалары тууралуу жазышат.

Кээ бир ММКнын маалымдашынча "Ведомости"-ни сатып алууга "Путиндин достору" аталган бир тууган Ковальчуктар жана "Газпром-медиа" кызыккан. 2015-жылдын 6-февралында Sanoma өз үлүшүн "Комерсанть" басма үйүнүн мурдагы генералдык директору Демьян Кудрявцевге жана анын шериктерине сатууга ниеттенгенин "Ведомости" гезитинин башка ээлерине билдирген. Муну менен катар, FT менен News Corp үлүштөрүн сатууга ниеттери жокутугун билдиришкен. Бирок, 2015-жылдын 20-ноябрында "Ведомостинин" ээлери гезиттеги үлүштөрүнүн 100%ын Демьян Кудрявцевге сатышканын жарыя кылышкан.

Негизги бөлүмдөр[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Биринчи дептерченин негизги бөлүмдөрү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • "Бийлик & Акча" (02, 03-тилкелер) - рыноктун, жеке ишкердиктин жана коомдук жашоонун абалына таасир тийгизе алчу экономика, саясат жана мыйзам чыгаруу жаңылыктары.
  • "Жорумдар" (04-тилке) - ишкерлер коомчулугун кызыктырган актуалдуу темалар жөнүндө редакциянын жана көз карандысыз эксперттердин пикирлери;
  • "Каармандар" (05-тилке) - Бул бөлүмдө орусиялык жана чет элкөлүк эң таасирдүү ишкерлер жана аткаминерлер менен маектер жарыяланат;
  • "Карьера жана башкаруу" (06-тилке) - жеке ийгиликтерге жетүү, компанияны башкаруу боюнча кызыктуу идеялар жана натыйжалуу чечимдер тууралуу репортаждар, көрүнүктүү бош иш орундарынын жарнактары;
  • "Жеке эсеп" (жума күндөрү 05-тилке) - бул бөлүмдө эң пайдалуу жеке салымдар жана кредиттер талкууланат;
  • "Жеке иш" (дүйшөмбү күндөрү, 07-тилке) - ар дүйшөмбү күнү ишкердик аракеттер жөнүндө репортаждар;
  • "Маданият" (06 жана 08-тилкелер), - өлкөдөгү маданий иш-чараларды камтыйт, театр жана кино бет ачарлары жөнүндө баян кылат.

Экинчи дептерченин негизги бөлүмдөрү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • "Биринчи тилке" (07) - компаниялардын жана рыноктордун башкы жаңылыктары;
  • "Өнөр жай" (08, 09) - металлургия, транспорт, машине куруу, унаа жана көмүр өнөр жайынын негизги окуялары;
  • "Энергия булактары" (08, 09-тилкелер) - мунай, газ жана энергетика тармактарынын башкы жаңылыктары;
  • "Рыноктор" (10-тилке) - товар, валюта, каржы, акция жана облигациялардын белгиленген баалары сыяктуу рынок көрсөткүчтөрү;
  • "Каржы" (09, 10-тилкелер) - каржылык кызматтар рыногу жөнүндө маалыматтар: рыноктун катышуучуларынын корпоративдик жаңылыктары, ири келишимдер, рыноктун жаңы продуктулары, мыйзамдык жөнгө салуулар;
  • "Керектөө рыногу" (11-тилке) - керектөө рыногунун товарлары жана кызматтары жаатындагы башкы окуялар тууралуу маалыматтар: ири оюнчулардын жаңылыктары, мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөгү маалыматтар;
  • "Технология & телекоммуникация" (12-тилке) - компаниялардын жаңылыктары, технология жаңылыктары, мобилдик жана белгиленген байланыш рынокторунун, интернет жана маалымат технологияларынын тармактык мыйзамдары.

Аймактык чыгарылыштар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Жайылган шаар жана аймактар:

  • "Ведомости - Москва чыгарылышы". Москва жана Москва облусу.
  • "Ведомости - Санкт-Петербург чыгарылышы". Санкт-Петербург жана Ленинград облусу.
  • "Ведомости - Түштүк". Ростов-на-Дону, Ростов облусу, Краснодар крайы, Ставрополь крайы, Адыге Республикасы.
  • "Ведомости - Урал чыгарылышы". Екатеринбург облусу, Свердлов облусу, Ханты-Манси Автоном Округу, Перм крайы.
  • "Ведомости - Сибир чыгарылышы". Новосибирск жана Новосибирск облусу, Кемеров облусу, Омск облусу, Томс облусу, Алтай крайы, Красноярск крайы, Таймыр (Долгано-Ненец) округу, Эвенкия округу, Хакасия Республикасы, Тыва Республикасы.
  • "Ведомости - Ортоңку Поволжье". Казан, Самара облусу, Саратов облусу, Пенза облусу, Ульянов облусу, Оренбург облусу, Нижегородск облусу, Татарстан Республикасы, Чуваш Республикасы, Марий Эл Республикасы.

Сайты[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Басылманын сайты 1999-жылы гезиттин басма версиясы менен бир учурда иштей баштаган. Сайтта 1999-жылдагы биринчи чыгарылыштан бери жарыяланган материалдардын архиви бар (2010-жылдагы абалы 230 миң жарялоо).

www.vedomosti.ru сайтына ай сайын 2,5 миллиондон ашуун киши баш багат.

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]