Векселди узартуу
Көрүнүш
Векселди узартуу – вексель боюнча төлөө мөөнөтүн узартуу. Мыйзам боюнча же вексель кармоочунун жана төлөөчүнүн ортосундагы келишим (В. у. келишими) боюнча ишке ашырылат. Мыйзам боюнча В. у. эгер жагдай векселди төлөөгө көрсөтүүгө же ал боюнча нааразылык жасоого (м.: мамлекеттин мыйзамдык буюртмасы же багынбас күчтүн таасири) объективдүү тоскоолдук кылганда келип чыгат. Келишимдик В. у-нун 3 түрү болот: а) жөнөкөй В. у.– векселдик милдеттенмени аткарууну убактылуу токтотуучу кармоочу менен төлөөчүнүн ортосундагы макулдашуу; б) түз же жиктештирилген В. у.– вексель боюнча төлөмдөрдүн жаңы мөөнөтүн белгилөө; в) кыйыр В. у. – төлөм мөөнөтү кечирээк жаңы векселди коюу.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Юридика аталгылары менен түшүнүктөрүнүн орусча-кыргызча түшүндүрмө сөздүгү. Илимий-маалымдама басылыш/АРД/Чекки долбоору, авторлор жамааты. – Б.: 2005, ISBN 9967-428-14-7
| Бул макалада башка тил бөлүмүнө шилтеме жок. Сиз аларды издеп бул макалага кошуп, долбоорго жардам берсеңиз болот. |