Венд системасы

Википедия дан

Венд системасы, венд мезгили (байыркы славян урууларынын атынан) протерозойдун эң үстүнкү стратиграфиялык бөлүмү, рифейден кийин, кембрийдин башталышына туура келет. Венд системасын түзгөн чөкмөлөрдүн пайда болуусунун убактылуу чеги радиологиялык ыкма менен аныкталат (600-535 млн жылдар аралыгында). Жалпысынан венд мезгили 65 млн жылга созулган. Алгач 1952-ж. Б. С. Соколов Балтика бою аймагынан Чыгыш Европа платформасынын батышында кембрийге чейинки терригендик курамдагы чөкмөтектердин комплекси катары өзүнчө бөлгөн. Россиянын европалык бөлүгүндө Венд системасы 2 бөлүмгө (жогорку жана төмөнкү) жана 4 горизонтко же яруска (астынан үстүн карай) бөлүнөт: лапландия (континенттик мөңгү чөкмөлөрү тиллиттер жана маринагляциалдык чөгүндүлөр), редкин, котлин жана ровно (курамында кумдук, алевролит жана аргилиттер басымдуу; редкин горизонту жанартоо күлүнүн бир нече катмарын камтыйт). Системанын бөлүкчөлөрүнө мезгилдин бөлүктөрү, мисалы, бөлүмгө доор (алгачкы венд жана соңку венд), горизонтко (яруска) кылым туура келет. Лапландия горизонтунун чөгүндүлөрү негизинен платформанын соңку кембрийге чейинки авлакогендеринде топтолгон. Венд системасынын үстүнкү бөлүгүнүн горизонттору (редкин, котлин жана ровно) кратондун кеңири аймагында таралып, рифей чөгүндүлөрүн, ошондой эле архей менен алгачкы протерозой фундаментинин кристаллдуу тектерин жаап жатат. Венд мезгилинде көп клеткалуу скелетсиз организмдер (эдиакария) фаунасы, ошондой эле моллюскага жана муунак буттууларга окшоштор өнүккөн. Тайыз деңиз түбүн айрым кыймылдуу жана бир жерди жердеген организмдер мекендеп, алар алп мүчөлүү (кээ бирининин уз. 1 мден ашкан) болушкан. Вендотенид жана эдиакария фитопланктондору негизинен муздак суу бассейндеринде жашаган. Жылуу суу бассейндеринде (карбонаттуу) цианобактерия түркүмдөрү басымдуулук кылган. Вендде минералдык скелеттеги организмдер, негизинен ичеги көңдөйлүүлөр (карбонат скелетүү майда полиптер) пайда болгон. Венд мезгилинин аягында организмдер (негизинен эдиакариялар) катуу сууктан жана байкоңур муз каптоосунун натыйжасында тайыз бассейндердин аянтынын кичирейишинен жок болгон. Венд системасына стратиграфиялык Чыгыш Сибирь юдома сериясы, Түштүк Кытай синий сериясы, Түштүк Африкадагы Нама сериясы (Намибияда), Канададагы Консепшен тобу (Ньюфаундленддеги Авалон ж. а.), Британ аралындагы чарнок сериясы жана Түштүк Австралиядагы эдиакария системасы кирет. Венддин башталышында Түштүк Жарым шардагы платформалар (Түштүк Америка, Африка-Арабия, Индстан, Австралия, Антарктида) Гондвана суперконтинентинин курамында болгон. Гондва менен Түндүк жарым шардагы платформалардын (Түндүк Америка, Чыгыш Европа, Сибирь) кыска убакытка биригишинен венд суперконтинети Паннотия пайда болгон (аны 1995-ж. амер. геолог С. Пауэлло өзүнчө бөлгөн). Паннотиянын бөлүнүп бузулуусунан Гондвана Түндүк платформалардан ажырап, палеозойдун башталышында анын фундаменти биротоло Венд мезгилинде климат кыйла муздап, эки жолу [лапландия же варангер (венддин башталышы) жана байкоңур (венддин аягы)] муз каптаган. Жер шарында соңку рифейдин аягында байкал бүктөлүүсүнө дуушарланган жерлерде Чыгыш Европа, Сибирь платформанын чет жакаларындагы тоо этектериндеги ийилүүлөрдө жана тоо аралык ойдуңдарда моласстар топтолгон. Венд системасынын катмарлары менен Урал-Охота кыймылдуу алкагындагы, Түштүк Кытай платформасындагы, (Азия фосфориттүү провинциясы) байыркы фосфорит кендери, ошондой эле Сибирь (Лена-Тунгуска нефть-газ провинциясы), Чыгыш Европа, Баренц-Печора, Кытай-Корей, Түндүк жана Түштүк Америка, Африка платформасындагы нефть жана күйүүчү газ кендери байланыштуу. Теңир-Тоодогу мурсаш жана жетимтоо сериялары Венд системасына туура келиши мүмкүн. Жетим сериясынын курамында Жетим темир бассейни жана Кумтөр алтындуу кырчоосу жатат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]