Венесуэлалыктар

Википедия дан

Венесуэлалыктар - эл, Венесуэланын негизги калкы. Саны 25,3 млн. киши, анын ичинде Венесуэлада 17,3 млн (2006). Калктын 51%и метис, мулат, самбо, 25%и креолдор, 8%и негроиддер, 15%и индейлер, 1%и «европалыктар». Испан тилинде сүйлөшөт. Көпчүлүгү католиктер, ошондой эле протестанттар, мормондор да бар. Венесуэлалыктар испандар, басктар,аборигениндейлер (аравактар, чибча, карибдер) негроиддер менен аралашуусунун натыйжасында 20-кылымда эл болуп калыптанган. Негроиддер жана мулаттардын көпчүлүгү Маракайбо ойдуңдарын жана өлкөнүн деңиз бойлорун, метистер түндүк-батыш тоолуу штаттарын, самболор Льянос аймагын мекендешкен. Дыйкандар, метистер жана самболор батрактар, арендаторлор майда жана орто менчик ээлери негизинен дыйканчылык жана мал чарбачылык, метистер кол өнөрчүлүк менен кесиптенишкен. Креолдор өнөр жайларда, финансы иштеринде иштешкен. Кыштактарда жана хуторлордо дыйкандардын үйлөрүнүн чатыры черепица же пальманын жалбырактары менен жабылган, дубалы сокмо ыкмасы менен топурактан же кыштан тургузулган. Көпчүлүгү таза абада гамакта жатып укташат. Дыйкандар башына чий калпак, ак чыт көйнөк, кенен шым, бутуна сандал, аялдары кенен, узун көйнөк кийишет. Тамак-ашы дан, эт азыктары жана жашылчалар. Негизинен жүгөрүдөн жасалган нан (арепа), ботко (масаморра) жана альяка сыяктуу тамактар, ичкилик ичимдиги катары чича көбүрөөк колдонулган. Улуттук майрамдары карнавал, элдик үйбүлөлүк майрам тернер ж. б.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]