Венецианов, Алексей Гаврилович

Википедия дан
Венецианов,‎»‎ барагынан багытталды)

Венецианов, Алексей Гаврилович (1780–1847) – орус сүрөтчүсү, орус живописиндеги турмуштук (бытовой) жанрга негиз салуучулардын бири. Петербург көркөм сүрөт академиясынын анык мүчөсү (1811). В. Л. Боровиковскийден окуган. Алгачкы мезгилде лирикалык портреттер, 1812-жылдагы согуш учурунда француз жана галломан дворяндардын карикатураларын тарткан. 1819-ж. Сафонков кыштагына көчүп кетип, кыштак турмушунан сценаларды, дыйкандардын портреттерин тартат (“Кызылча тазалоо”, 1822; “Помещицанын таңы”, 1823–24; “Кош айдоо. Жаз”, 1820-ж.; “Орок оруу. Жай”, 1820-ж.; “Карыя дыйкандын башы”, 1825-ж. ж. б.). В. өз чыгармачылыгында чындыкты чагылдырууга умтулган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]