Вентиль

Википедия дан

Вентиль - (нем. Ventil — жапкыч) — 1) өткөргүч түтүктүн бир бөлүгүн ишке киргизүүчү жана ажыратуучу тыгын. Вентиль ошондой эле өткөргүч түтүк аркылуу агуучу суюктуктун, газ жана буунун агымын жөнгө салат. 2) Электр өткөрүмдүүлүгү токтун багытына көз каранды болгон электр-техникалык түзүлүш. Вентильдин ток өткөрүмдүүлүгү бир жактуу болуп, токту бир багытты карай (каршы тарапка караганда) бир нече эсе көп өткөрөт. Ошонун натыйжасында вентиль өзгөрүлмө токту түзөткүч катары колдонулат. Вентильдин аракети ар кандай эки чөйрөнүн металл менен электролиттин (электролиттүү вентиль), металл менен газдын (иондуу вентиль), металл менен вакуумдун (электрондуу вентиль), металл менен жарым өткөргүчтүн (жарым өткөргүчтүү вентиль) чегинде пайда болот. 3) Жезден жасалган үйлөмө музыкалык аспаптардын узундугун өзгөртүүчү механизм.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]