Вентиль фотоэффектиси

Википедия дан

Вентиль фотоэффектиси - ар түрдүү жарым өткөргүчтөрдүн тийишкен жерине жарык кванты таасир эткенде, ал системада электр кыймылдаткыч күчүнүн пайда болушу. Жарык ургаалдуулугуна жараша электр кыймылдаткыч күчүнүн пайда болушу көбөйөт да, жарыктаныштын андан ары чоңоюшу менен анын өсүшү токтолуп, каныгууга жетет. Жарым өткөргүчтөрдөн жасалган фотоэлементтер илимде, техникада кеңири колдонулат. Мисалы, кремнийден жасалган фотоэлементтер күн энергиясын түздөн түз электр энергиясына айландырууга жарайт. Алар жердин жасалма жандоочуларындагы радиоаппаратураларда колдонулат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]