Венцлова, Антанас

Википедия дан

Венцлова, Антанас (лит. Antanas Venclova; 1906—1971) — литва жазуучусу, коомдук ишмер, Социалисттик Эмгектин Баатыры (1974), Литва ССР эл жазуучусу (1965).

  • Лит­ва ССР ИАнын корр. мүчөсү (1949). 1950-жылдан КПСС мүчөсү. Литва ССР мамл. гимнинин текстин жаз­ган.
  • Чыгармалары 1925-жылдан жарыялана баштаган. Студенттик турмуштан алынган «Достук» (1936) романы, «Тун» (1939) аңгемелер жыйнагы Венцлованы антифашист жазуучу катары тааныткан.
  • Улуу Ата Мек. согуш мезгилинде «Ата журт чакырыгы» (1943), «Алма бак бийик өскөн жерде» (1945) жыйнагы жарыяланган.
  • Орусча чыккан «Тандалган ырлар» (1951) жый­нагы учун СССР мамл. сыйлыгы (1952), «Туулган кун» (1958) романына Литва ССР мамлекеттик сыйлыгы (1960) берилген. Венцлова СССР Жог. Советинин (1—5-шайл.) депутаты.
  • Ленин ордени, башка ордендер жана медалдар мене сыйланган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.