Вернисаж
Көрүнүш
Вернисаж (французча vernisage – тике маанисинде – «лакировка – жалтыратуу») – атайын чакырылган гана адамдар (сүрөтчүлөр, сынчылар, көркөм искусство менен байланыштуу мекемелер жана уюмдар, коомчулук өкүлдөрү ж. б.) катышкан көргөзмөнүн жабык кароосу же мындай кароо өткөрүлбөгөндө көрүүчүлөрдүн кеңири массасына арналган көргөзмөнүн ачылган биринчи күнү. В-дын аталышы качандыр бир кезде кеңири тараган француз сүрөтчүлөрүнүн көргөзмө салонундагы картиналарды көргөзсө, ачылаар алдында чакырылган адамдардын көз алдында жалтыратып лактап койгон каада-салтынан келип чыккан.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Кыргыз сүрөт искусствосу: Энциклопедиялык окуу куралы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. -Б.:, 2004