Версаль тынчтык договору (1919)

Wikipedia дан

Версаль тынчтык договору (1919) —Биринчи дүйнөлүк согуш (191418) аяктаганда 1919-ж. 28-июнда Версалда кол коюлган келишим.

Ал согушта жеңгендер (АКШ, Англия, Франция, Италия, Япония, Бельгия, Боливия, Бразилия, Куба, Экуадор, Греция, Гватемала, Гаити, Хижаз, Гопдурас, Либерия, Никарагуа, Па­нама, Перу, Польша, Португалия, Ру­мыния, Сербия-Хорват-Словен мамлекети, Сиам, Чехославакияя, Уругвай) жана согушта жеңилген Германия ортосун­да түзүлгөн. 1920-ж. 10-январдан күчүнө кирген. В. И. Ленин Версаль договорун «...он миллиондогон кишилерди, акыресе эң цивилизациялуу кишилерди кул абалына түшүргөн талоончул тынчтык» деп баалаган (Чыг., кырг. бас., 31-т., 353-54-6.). Германиянын колонияларын Англия, Бельгия, Япония бөлүп алган. Договордун негизги максаты Совет мамлекетинен Балтика боюн, Батыш Украинаны, Батыш Белоруссияны жана Бессарабияны бөлүп алууга багытталган. Версаль системасы жецгендер менен жецилгендер арасында каршылыктарды тереңдетип, жеңген өлкөлөрдүн ичиндеги күрөштү ого бетер күчөткөн. Версаль системасы 1921— 22-ж. Вашингтон конференциясынын чечимдери м-н толукталган. Версаль тынчтык договору 1939-ж. толук жоюлган


Колдонулган адабияттар[оңдоо | булагын оңдоо]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.