Вестаблия тынчтыгы (1648)

Википедия дан

Вестаблия тынчтыгы (1648) - Европадагы Отуз жылдык согушту (1618-48) аяктаткан. Вестаблия тынчтыгы Оснабрюк шаарында Ыйык Рим империясы жана анын союздаштары менен Швеция жана анын союздаштарынын ортосунда жана Мюнстер шаарында Ыйык Рим империясынын императору жана анын союздаштары менен Франция жана анын союздаштарынын ортосунда 1648-ж. 24-октябрда түзүлгөн эки келишимден турат. Вестаблия тынчтыгы боюнча Герман империясы Швецияга Батыш Померанияны бүт бойдон, Чыгыш Помераниянын бир бөлүгүн, Рюген аралын, Висмар шаарын, Бремен архиепископтугун, Верден епископтугун берип, 5 млн талер контрибуция төлөгөн. Швеция империялык Сеймге өз депутаттарын жиберүү укугун алган. Габсбургдардын Эльзастагы мурдагы ээлеген жерлери Францияга өткөн. Дин жагынан Вестаблия тынчтыгы кальвинчилерди католиктер жана лютерандар менен бирдей укукка теңеген. Испания жана Австрия Габсбургдары жеңилсе да, Вестаблия тынчтыгы Габсбургдардын күч-кубатын толук начарлата алган эмес.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]