Мазмунга өтүү

Виадук

Википедия — ачык энциклопедия
Виадук

Виадук (лат. via жол жана duco алып барам) — терең аң болуп кеткен жолдун кесилишине, кокту-колотко, капчыгайларда салынган узун көпүрө сымал курулма. Виадук негизинен материалды үнөмдөө үчүн же топуракты бийик кылып төгүү техникалык жактан пайдасыз болгондо колдонулат. Алгачкы виадук байыркы Римде пайдаланылган. 19-кылымда кыштан жана таштан курула баштаган.