Вигдер

Википедия дан

Вигдер - (англ. Whiq We hope in Qod «Биз Кудайга ишенебиз» дегендин кыскартылып айтылышы) 1) 17-19-кылымдагы англиялык саясий партия. Буржуазиялык аксөөк дворяндар менен ири соода жана финансы буржуазиясына мүдөөлөш топ катары 17-кылымдын 70-жылдарынын аягында пайда болгон. 1714-62-ж. башкаруучу партия, кийин торилер менен алмак-салмак бийликте турган, жумушчуларга каршы саясат жүргүзүп, чартисттер кыймылын басууга аракеттенген. 19-кылымдын орто ченинде башка саясий топтор менен биригип, Улуу Британия либералдык партиясын түзүшкөн. 2) АКШдагы саясий партия (183454). Аны алгач Генри Клей жана Даниэл Уэбстер жетектешкен. Түндүктүн өнөр жайчылары менен Түштүктүн плантаторлорун жана фермерлердин бир бөлүгүн бириктирип турган. Федерациялык бийликке каршы чыгып, өнөр жайынын түндүктө гана эмес, түштүктө да өнүктүрүүнү жактаган. Президентти шайлоодо Вигдер 2 жолу (1840-ж. Гаррисондун жана 1848-ж. Тэйлордун президенттикке шайланышына көмөк көрсөткөн) жеңип чыккан. Курамы жагынан ар түрдүү болгон Вигдер партиясы 1854-ж. таркап, түндүктөгү Вигдер жаңы түзүлгөн Республикалык партияга, пахтачылар деп аталган Вигдер Демократиялык партияга кошулган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]