Мазмунга өтүү

Византия империясы

Википедия дан
Византия‎»‎ барагынан багытталды)

Византия же Византия империясы же Чыгыш Рим империясы - 395-1453-ж. өкүм сүргөн мамлекет. Алгач «Ромейлер империясы» деп аталган.

Византия Империясы
(лат. Imperium Romanum Orientale, Romania
грек. Βασιλεία Ῥωμαίων, Ῥωμανία)

империя
395 — 1453


Желек Герб
Борбор калаа Константинополь
Тил Латын тили, Койне, Орто грек тили
Дин Христиан дини
Акча бирдиги солид, византия тыйыны, дукат
Аянт 3 500 000 км² VI кылымда
440 000 км² (1281 жыл)
17 668 км² (1368)
Калк 35 млн (VI кылым)
10 млн (XII кылым)
5 млн (1281 жыл)
Сулале (династия) 25тен ашуун династия
Ромейлер император
 - 395—408 Аркадий (биринчи)
 - 1449—1453 Константин XI (аяңкы)
Өтүүчүлүк
Рим империясы
Осмон империясы

Анын борбору Рим императору Константин I мурдагы Византий колониясынын ордуна 324-330-ж. негиздеген Константинополь шаары (1453-жылдан Стамбул) болгон. Византиянын курамына Балкан жарым аралы, Кичи Азия, Сирия, Палестина, Египет, Киренаика, Месопотамия, Армениянын бир бөлүгү, Эгей деңизиндеги аралдар (Кипр, Крит, Родос ж. б.), Крым жарым аралынын түндүгү кирген. Византия калкы ар кыл этностордон туруп, ага гректер, сириялыктар, копттор, армяндар, грузиндер, еврейлер, кичи азиялык эллиндешкен уруулар, фракиялыктар, иллириялыктар, дактар кирген. 4-6-кылымда калкынын саны 50 млндон 65 млнго чейин жеткен. Ошону менен бирге өлкөнүн аймагына башка элдер (готтор 4-5-кылымда, славяндар 6-7-кылымда, арабдар 7-9-кылымда, печенегдер, кыпчактар 11-13-кылымда) жайгаша баштаган. 6-11-кылымда Византия калкынын курамына кирген этнос топторунан кийинчерээк италян эли калыптанган. Византиянын экономикасында, саясий турмушунда жана маданиятында грек калкы чоң роль ойногон. Империянын мамлекеттик тили 4-6-кылымда латын, 7-кылымдан Византия кыйраганга чейин грек тили болгон. Империянын ири шаары, кол өнөрчүлүк жана эл аралык соода борбору болгон Константинополь Иран, Индия, Кытай ж. б. мамлекеттер менен соода жүргүзүп турган. Византия 4-5-кылымда борбордошкон аскердик бюрократтык монархияга айланган. 4-кылымдан христиан дини негизги дин катары кабыл алынып, 70-жылдардан баштап варварлар менен мамиле жасоо маселеси өлкөнүн тышкы жана ички саясатында чоң роль ойногон. Император Юстиниандын (527-565) тушунда борбордошкон бюрократтык монархия бир кыйла күчөгөн. Ал күчтүү армия түзүп, 533-534-ж. Түндүк Африкадагы вандалдар мамлекетин, 535-555-ж. Италиянын Остгот королдугун, 554-ж. Түштүк-чыгыш Испаниянын бир бөлүгүн караткан. Мамлекеттин Түндүк-чыгыш аймактарын кеңейтүү үчүн, Батыш менен Чыгышты байланыштырып келген Улуу жибек жолуна көзөмөл орнотуу максатында Иранга каршы Түрк кагандыгы менен аскердик союз түзөт. Византияга чектеш жашаган айрым түрк уруулары Византия армиясынын катарында кызмат өтөп, алар акырындык менен Кичи Азияга, Кавказга, Балкан жарым аралына отурукташа баштаган. Анын тушунда Византиялык архитектура жана адабият өнүккөн. Бирок анын мурдагы Рим империясын кайра калыбына келтирүү аракети ишке ашпаган жана кийинки урпактары бийликти узакка кармап тура алган эмес. Салыктардын оордугуна нааразы болгон эл бир нече жолу көтөрүлүшкө чыгып (эң белгилүүсү «Ника козголоңу»), өлкөнү бир топ алсыраткан. Натыйжада, акырындык менен күч алып келаткан арабдар 632-642-ж. Византиянын өтө бай чыгыш провинцияларын (Сирия, Палестина, Жогорку Месопотамия), 693-698-ж. Түндүк Африкадагы жерлерин басып алган. 7-кылымдын аягында Византиянын карамагында Юстиниандын убагындагы өлкөнүн аймагынын 1/3инен ашпаган бөлүгү калган. Балкан жарым аралына славян уруулары 6-кылымдын аягынан тартып отурукташа баштап, алар 7-кылымда Византиянын бир кыйла жерине: Фракия, Македония, Далмация, Грекиянын бир бөлүгүнө, ал эмес Кичи Азияга чейин жайгашкан. Калктын этностук курамы Кичи Азия жагында да өзгөргөн. Анда армяндар, перстер, сириялыктар, арабдар отурукташкан. Бирок чыгыш провинцияларын тарттырып жиберген соң, Византия этнос жагынан бир өңчөй өңдөнүп, анын уюткусу гректер же грекче сүйлөгөн эллиндешкен уруулар болуп калган. 7-8-кылымда административдик түзүлүшүндө маанилүү өзгөрүүлөр болуп, жаңы аскердик административдик округдар (фемалар) түзүлгөн. Аскердик жана граждандык бийлик бүт бойдон фемалык аскер командири страдигдин колуна өткөн. Империянын согуштук күч-кубаты артып, арабдар жана болгарлар менен болгон согуштарда ийгиликке жеткен. Ошону менен бирге константинополдук ак сөөктөр менен байланышта бийлик жүргүзгөн динчилерге каршы эл массасынын нааразылыгын туюнткан диний-саясий кыймыл башталып, аны провинция аксөөктөрү өз мүдөөлөрү үчүн пайдаланууга умтулган. Кыймылды Исаврий династиясынан чыккан императорлор башкарып, монастырь менен чиркөө байлыктарын казынага алышкан. Императорлордун мындай саясаты провинция аксөөктөрүнүн нааразычылыгын күчөтүп, анын жамааттарга көрсөткөн кысымы каршылык күрөшүн ырбаткан, феодалдарды чочутуп, 843-ж. иконага табынууну калыбына келтирүүгө түрткү болгон. Өкмөт жана аскер төбөлдөрү динчилер менен келишип, элдик кыймылды басып турган. Византияда 9-кылымдын 2-жарымы 10-кылымда борбордошкон монархия түзүлгөн. 9-кылымдын 2-жарымынан Византия шаарлары өсүп-өнүгүп, 10-кылымда аларда орто кылым шаарларына мүнөздүү белгилер пайда болгон. Мисалы, майда кол өнөрчүлүк, соода-кол өнөрчүлүк корпорациялары уюштурулуп, алардын иш-аракетин мамлекет тескеген. Өндүрүштө эркин кол өнөрчү негизги роль ойносо да, кулдуктун сакталып турушу ошол кездеги Византия шаарларынын бир бөтөнчөлүгү болгон. 12-кылымда Византия шаарларынын экономикасы начарлап, кол өнөр өндүрүшү кыскарган. 9-кылымдын 2-жарымы 11-кылымда Византиянын тышкы саясаты согуш жүргүзүүгө негизделген. Ал араб, славян, кийинчерээк норманн элдери менен дайыма согушуп турган. 10-кылымдын орто ченинде Византия арабдардан Жогорку Месопотамияны, Кичи Азиянын бир бөлүгүн, Сирияны, Критти, Кипрди тартып алган. 1018-ж. Батыш Болгария падышалыгын ээлеп, Балкан жарым аралынан Дунайга чейин бийлеп турган. 9-11-кылымда Киев Русу менен өз ара мамилелер Византиянын тышкы саясатында чоң роль ойногон. 10-кылымдын акырында Русь Византиядан христиан динин кабыл алган. Византияга 11-кылымдын ортосунан тартып чыгыштан түрк-селжуктар кол салып турган. 1071-ж. селжуктар Маназкертте (Армения) император Роман IV Диогендин аскерлерин талкалап, өзүн туткунга алышкан, бирок Кичи Азиядагы айрым аймактарды берүү шарты менен бошотушкан. 11-кылымдын орто ченинде норманндар Византиянын Түштүк Италиядагы ээлеген жерлерин басып алган. 11-кылымдын 70-жылдарында бийлик үчүн күрөш күчөп, 1081-жылдан Комниндер династиясы (1081-1185) сурайт. 1185-ж. Константинополдогу ак сөөктөрдүн козголоңунан кийин Ангелдер династиясы (1185-1204) бийликке келет. Бул династиянын тушунда Византия экономикалык кризиске учурап, саясий бытырандылык күчөйт. Шаарлар тукулжурап, армия менен флот начарлап, империя бөлүнө баштайт. 12-кылымдын акырында Византия менен Батыштын ортосунда карама-каршылык күчөйт; папачылык Византия чиркөөлөрүн рим курияларына баш ийдирүүгө, Венеция Византиядан өз атаандаштарын Генуя менен Пизаны сүрүп чыгарууга, «Ыйык Рим империясынын» императорлору Византияны багынтууга умтулган. Мына ушундай саясий кырдаалдардан пайдаланып, крест жортуулдарын уюштуруучулар Палестинанын ордуна Константинополду басып алууга киришкен.

1204-ж. 4-крест жортуулунун натыйжасында Константинополь багындырылып, Византия империясы кыйраган. Византиянын кресттүүлөр басып алган жерлеринде Латын империясы (1204-61) негизделет. Кресттүүлөргө карабаган жерлерде көз каранды эмес грек мамлекеттери: Никей империясы (1204-61), Трапезунд империясы (1204-1461) жана Эпир мамлекети (1204-1337) пайда болот. Латын империясына каршы күрөшүүдө Никей империясы чоң роль ойнойт. 1261-ж. Никей императору Михаил VIII Палеолог грек калкынын колдоосуна таянып, Константинополду кайра алат да, Византия империясын калыбына келтирет. Бирок, Трапезунд жана Эпир мамлекеттери ага кошулбай, өз алдынчалыгын сактап калган. Мамлекеттин ичиндеги өз ара чыр-чатактар Византияны начарлатат да, осмон түрктөрү 14-кылымдын башынан тартып анын аймагын басып ала баштайт. 1354-ж. Галлиполи, 1362-ж. Адрианополь (Эдирне) басылып алынат. 1371-ж. Марицанын алдындагы жеңилүүдөн кийин Сербия, алардын артынан Византия да түрктөргө вассалдык көз карандылыгын тааныйт. 1402-ж. Анкаранын алдындагы түрк аскерлеринин Тимурдан жеңилиши Византия империясынын кыйрашын убактылуу токтоткон. Византиянын Батыш Европадан жардам сурап, союздаштарды издөө аракетинен майнап чыккан эмес. Анын экономикасынын төмөндөшү, карама-каршылыктардын күчөшү, Батыш Европа мамлекеттеринин ачкөздүк саясаты осмон түрктөрүнүн Византияны жеңип алышын жеңилдеткен. Эки айлык камалоодон кийин, 1453-ж. 29-майда түрк султаны Мехмед II Фатих (Баскынчы) баштаган түрк армиясы Константинополду басып алып, талап-тонойт. 15-кылымдын 60 жылдарында Византия империясы жашоосун токтотуп, анын аймагында Осмон империясы түзүлөт.

Византия маданияты

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Византия маданияты рим, грек жана чыгыш маданиятынын таасиринде өөрчүп, негизинен диний (христиандык) мүнөздө болгон. Маданияттын бардык тармагындагы маанилүү түшүнүктөр менен ойлор христиан мифологиясындагы салттуу образдар жана фразеология аркылуу туюнтулган. Византиялыктар жердеги кудай деп императордун зоболосуна сыйынышкан. Библия, ошондой эле антикалык классиктер ар бир адам үчүн өтө керек билимдердин жыйындысы деп эсептелген. Ошол себептен Византияда салт-санаанын таасири (традиционализм) аябай күчтүү болгон. Билимдин булагы тажрыйба эмес, салт деп саналып, эксперимент менен ил. байкоолор анча өнүккөн эмес. Византия маданияты кубулуштарды анализ кылып карагандан көрө, системага салып иликтегенге көбүрөөк көңүл бөлгөн. Византиянын эл агартуу системасында, илиминде, адабиятында, сүрөт өнөрүндө, үй-тиричилигинде антикалык салттар басымдуулук кылган. Византиялыктар өз маданиятын адамзаттын эң бийик жетишкендиги катары эсептеп, башка элдердин маданиятына таасирленүүдөн же аны тууроодон атайылап баш тартышкан. Алар 11-кылымдан баштап гана араб медицинасына, чыгыш адабиятына, кийинчерээк араб жана перс математикасына кызыга баштаган. Византия маданияты адабият, сүрөт, дин ж. б. боюнча коңшу өлкөлөргө зор таасирин тийгизген. Айрыкча антикалык мурастарды сактоодо Византиянын ролу чоң болгон. 12-кылымга чейин Византияда эл агартуу системасы Европага караганда жогорку деңгээлде болгон. Баштапкы билим алуу мөөнөтү 2-3 жыл, орто билимди грамматик-мугалимден же чечендик боюнча мугалимден алышкан. Окутуунун программасына орфография, грамматикалык нормалар, ырдын түзүлүшү, чечендик өнөр, документ даярдоо өнөрү, философия менен тарых кирген. 11-кылымдын орто ченинде Константинополдо чиновниктерди даярдоочу укуктук жана философиялык мектептер ачылат. Византияда математиканын коомдук бедели чечендик менен философияга караганда төмөн турган. 4-6-кылымда Византиядагы математика антикалык классиканы комментарийлөө менен гана чектелип, ал эми зоология, ботаника, агрономия илимий жактан терең такталып жазылган эмес. Византиялык медицина антикалык салтка негизделген. Византиялыктар географиялык карта түзүүнү билишкен. Византия философиясынын негизги булагы Библия жана классикалык грек философиясы (Платон, Аристотель) болгон. 4-7-кылымда Византия философиясында 3 багыт өкүм сүргөн: 1) неоплатонизм, 2) гностицизм-манихейлик дуализм, 3) христиандык диний багыт. Византия философиясы орто кылымдагы схоластикага, Италиядагы Кайра жаралууга, славян өлкөлөрүндөгү, Армения менен Грузиядагы философиялык ой-пикирдин өнүгүшүнө таасир тийгизген. Византиянын адабияты байыркы грек адабиятынын салтында калыптанган. Славяндар үстөмдүгү учурунда эпос, ода, эпиграмма жанрлары өнүккөн. Ошол кездин өкүлү А. Византийскийдин чыгармалары Византия адабиятынын классикалык үлгүлөрү. Византия архитектурасы менен сүрөт өнөрү антикалык искусствонун салттарын уланткан. Буга мисал 4-5-кылымдагы Константинополь архитектурасы: 4-кылымда мурдагы чиркөө базиликалары менен кумпалуу имараттардан айырмаланган жаңы типтеги храмдар салына баштайт. 6-кылымда зодчийлик дүркүрөп өсөт. 9-12-кылымда анда крест-кумпалуу храмдын тиби негизги орун ээлейт. Мисалы, Мирелеон чиркөөсү (10-к.), Пантократора храм комплекси (12-к.). Кресттүүлөрдүн жортуулунан кийин Византия маданияты Константинополдо жана Грекия менен Кичи Азия аймагында кайрадан гүлдөйт. Орто кылымдагы архитектура италиялык зодчийликтин айрым мотивдерин өзүнө сиңирип, ренессанстык тенденциялардын калыптанышын чагылдырат (Константинополдогу Текфур-серай аксарайы, 14-к.).

Византия живописи

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Византия живописи өз идеяларын адамдын образы аркылуу билдирген. 9-12-кылымда Византия живописинин жалпы принциптери айрым көркөм мектептерде иштелип чыккан. Китеп миниатюрасында зергерлик-декоративдүү стиль үстөмдүк кылган. Миниатюраларда тарыхый адамдардын портреттери даана тартылган. 9-12-кылымдагы скульптурада рельефтүү иконалар жана декоративдүү оюулар басымдуу болгон. 13-14-к. живопистин айрыкча гүлдөгөн учуру болгон. Мисалы, Хора монастырынын мозаикасы (Константинополь, 14-к.).

Византия музыкасы

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Византия музыкасы сирия (4-к.), араб (8-к.), славян ыр маданиятынын элементтерин өзүнө сиңирген. Айрыкча чиркөө ырлары өнүгүп, майрамдарда, салтанаттуу кечелерде аспаптык музыка ойноо кеңири тараган. Византиялык нота жазуунун бир нече түрү болгон: экфонетикалык (6-8-к.), штрихтик (8-12-к.), тегерек (12-14-к.). Византия музыкасы 9-кылымга чейин европалык көп өлкөлөрдүн маданиятына таасирин тийгизген. Музыкалык маданиятынын жогорулашы Афон монастырынан чыккан гимн жазуучу Иоанн Кукузелдин ишмердүүлүгү менен байланышкан. Византиянын маданиятынын андан ары жогорулашына түрк баскынчылыгы чекит койгон.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]