Википедия:Администраторду шайлоо/Архив/2026
| Талапкер:Aiyanakk | |
| Макул / OK | |
|---|---|
| Каршы / No | |
Урматтуу Кыргыз Википедиясынын жамааты жана кесиптештер!
Мен 2023-жылдан бери Кыргыз Википедиясында жигердүү салым кошуп келе жаткан колдонуучу катары, долбоорду техникалык жана сапаттык жактан өнүктүрүүгө көмөктөшүү максатында администраторлукка талапкерлигимди сунуштоону чечтим. Соңку эки жыл ичинде макалаларды жазуу, түзөтүү жана маалыматтарды толуктоо боюнча туруктуу иш алып бардым. Википедиянын иштөө принциптерин тереңирээк түшүнүү үчүн Бишкек жана Ош шаарларында өткөн семинарларга катышып, тажрыйба топтодум.
2025-жылы Орто Азия викимедиачыларынын жыйынына, ошондой эле Грецияда өткөн «CEE Meeting 2025» конференциясына катышып, аймактык жана глобалдык деңгээлдеги административдик жана техникалык стандарттар менен тааныштым.
Администратор катары негизги максаттарым:
- сапатсыз же ишенимсиз булактарга таянган макалаларды иретке келтирүү;
- орунсуз түзөтүүлөрдү жана вандализмди ыкчам жоюу;
- толук бүтпөй калган, дубликат болуп ачылган макалаларды ирээттөө жана толуктоо.
Ушул себептерден улам сиздердин колдооңуздарга үмүт артам. Суроолоруңуздарга жооп берүүгө ар дайым даярмын.Aiyanakk talk
Добуш берүү
[булагын түзөтүү]
Макул --Baydastann (талкуу) 06:02, 14 январь 2026 (UTC)- Толук
колдойм!!! Incall talk 13:28, 14 январь 2026 (UTC)
Макул -- Artelow (баарлашуу) 15:13, 14 январь 2026 (UTC)
Макул -- Элдин беги (баарлашуу)
Макул Талапкердин акыркы жылдардагы жигердүүлүгүн жана эл аралык конференцияларга катышып, тажрыйба топтоп жатканын байкап келем. Кыргызча Википедияга жаңы көз караштагы администраторлордун келиши кубандырат. Айрым жетишпеген техникалык тажрыйбаларын иш үстүндө тез эле үйрөнүп алат деп ишенем. Ийгилик каалайм! -- Mirzoulug'bek |@ 06:58, 16 январь 2026 (UTC)
Макул -- Kairat Zamirbekov (баарлашуу) 09:03, 16 январь 2026 (UTC)
Пикирлер
[булагын түзөтүү]- Админдердин көп болуп, өз позициясында туруктуу түрдө жумуш аткарганы жакшы. Википедияда дагы бир аз тажрыйба топтооңузду жана долбоорго көбүрөөк убакыт бөлүүңүздү сунуштайм. Башка администраторлордун ky.wiki'де активдүү эмес экенин эске алып, талапкерлигиңизге оң көз караштамын; бирок добушумду кийинчерээк берем. Ийгилик каалайм. --Раскольниковдун иниси (баарлашуу) 10:49, 13 январь 2026 (UTC)
- Чоң рахмат колдооңуз үчүн! Буюрса, аракетимди кылып, тажрыйба топтойм. Aiyanakk (баарлашуу) 11:15, 13 январь 2026 (UTC)
- Колдойбуз! --Baydastann (талкуу) 06:01, 14 январь 2026 (UTC)
- Рахмат! Aiyanakk (баарлашуу) 21:00, 14 январь 2026 (UTC)
- Калыптар боюнча иш алып барсаңыз абдан сонун болот эле. Буга чейин дагы администраторлукка талапкерлер иш алып барабыз, антебиз же мынтебиз дегенине карабастан жакшы жумуш деле болбогондой болуп жатат. Калыптар боюнча бир нече жылдан бери кайрылып келем, бирок жыйынтык жок же кайрылууну көз жаздымда калтырып коюшат (жардам бере алам же бере албаймын деп жооп бербестен). Анан администратор шайлоодон жыйынтык деле болбойт деген көз карашта болуп жатам. Азыр сиздин талапкерликти колдоймун жана келечекте суроо, сунуштар менен кайрыламын. Ийгилик сизге!Artelow (баарлашуу) 15:13, 14 январь 2026 (UTC)
- Ооба, сиздин пикириңизди толук түшүнөм. Калыптар маселеси көптөн бери чечилбей келе жаткан көйгөйлөрдүн бири экенин билем. Өз тараптан болгон билимимди жана тажрыйбамды колдонуп, бул багытта иш алып барууга аракет кылам.
- Менин талапкерлигимди колдогонуңуз үчүн чоң рахмат! Aiyanakk (баарлашуу) 21:07, 14 январь 2026 (UTC)
- Албетте, Aiyanakk колдоймун. Анткени, бир топ эл аралык конференцияларга катышып, Викимедия кыймылынын жана Википедия принциптерин, эрежелерин жана Кыргыз коомчулугунун баалуулуктарын жалпы түшүндү жана аны өркүндөтүүгө толук тажрыйбасы жетет деп ишенем. Жаңылбасам, кыргыз Википедиясында алгачкы айым администратор болот болушу керек. Андыктан, ийгилик каалаймын!
Жыйынтык
[булагын түзөтүү]Шайлоо бүттү. Aiyanakk бир жылга убактылуу администратор болуп шайланды.