Мазмунга өтүү

Википедия:Азия айы

Википедия — ачык энциклопедия
БАШКЫ БАРАК MEДИА 2025 2024

Википедия Азия айы — бул жыл сайын ноябрь айында өтүүчү эл аралык онлайн викимарафон. Ал 2015-жылдан бери өткөрүлүп, максаты — Википедиядагы Азия континенти тууралуу макалаларды көбөйтүү жана жакшыртуу. Ишчарага каалаган тил бөлүмүндөгү колдонуучулар катыша алышат.

Ар бир катышуучу өз өлкөсүнөн тышкаркы Азия мамлекеттери жөнүндө жаңы макалаларды түзөт. Эгер катышуучу беш же андан көп сапаттуу макала жаратса, ал башка өлкөдөгү катышуучулардан атайын белек — «Wikipedia Asian Month» үчүн даярдалган куттуктоо калыбын алат.

Эң көп макала түзгөн катышуучу «Википедиянын Азия Элчиси» (англ. Wikipedia Asian Ambassador) наамына ээ болот. Бул ишчара ошондой эле Азиядагы искусство жана визуалдык маданияттын ачык булактуу билим платформаларында чагылдырылышын өнүктүрүүгө багытталган.

  • Марафонго бардык катталган катышуучулар катыша алышат (катталуу убактысы маанилүү эмес).
  • Марафонго төмөнкү талаптарга жооп берген макалалар кабыл алынат:
    • Макала жашаган өлкөсү тууралуу болбошу керек.
    • Жаңы макала марафон башталгандан кийин түзүлүшү керек.
    • Кеминде 3000 байт көлөмүндөгү жаңы текст кошулган макалалар да кабыл алынат.
    • Макалада кеминде 3000 байт жана 300 сөз болушу шарт (бул көрсөткүч ХС жана ИС долбоорлорунун гаджеттери аркылуу аныкталат).
    • Макаланын темасы маанилүү болушу керек.
    • Макалада булактар көрсөтүлүшү зарыл.
    • Макалада машиналык котормо болбошу керек.
    • Макалада олуттуу кемчиликтерди белгилеген калыптар болбошу керек (мисалы, {{каталар}}, ж.б.).
    • Макала тизмеден гана турбашы керек.
    • Макала маңыздуу жана мазмундуу болушу зарыл.

Марафондор

[булагын түзөтүү]

Жергиликтүү уюштуруучулар

[булагын түзөтүү]

Дагы караңыз

[булагын түзөтүү]

Ишчаранын колдонуучу кутучасы — {{Userbox/Википедия Азия айы}}