Мазмунга өтүү

Википедия:Бот макамына арыз берүү/KairosBot

Википедия — ачык энциклопедия

Максат/Purpose

[булагын түзөтүү]

Урматтуу википедиячылар! Бул бот англисчедеги Wikipedia:Database reports сыяктуу кылып пайдалуу отчетторду чыгарып турат. Анын негизги максаты: Кыргыз википедиясын тазалоо жана жакшыртуу. Ал редакторлор үчүн ар кандай пайдалуу отчетторду түзүп берип, аны автоматтык түрдө жаңыртып турат. Мисалы: бир да категориясы же шилтемеси жок макалалардын тизмеси, түзүлүшү же калыптары бузулган макалалар жана башка толгон-токой отчетторду жасап берип турат.

Башында түзөтүүнү талап кылган эң көйгөйлүү макалалар тууралуу отчеттор жарыяланат – биз аларды өз күчүбүз менен же боттор аркылуу тазалап турабыз. Кийин талкуу аркылуу дагы башка керектүү отчетторду кошуп турабыз – жамаат чоңойгон сайын бул отчеттор да көбөйүп турат. Мындай отчетторду макалалар боюнча гана эмес, бүткүл википедия базасы боюнча жасаса болот. - Kairat Zamirbekov (баарлашуу) 09:20, 16 январь 2026 (UTC)[жооп берүү]

Техникалык маалыматтар/Technical details

[булагын түзөтүү]

Бот MediaWiki'деги маалымат базасына SQL-сурам жөнөтүп, керектүү берилиштерди алып, Pywikibot аркылуу оңдоп-түзөп, "Википедия: Отчеттор" барагында жарыялап, аны күндө жаңыртып турат. Кийинки кадамда ал AWB аркылуу көйгөйлүү макалаларды өзү тазалап турат.

Ушул Википедиянын башка бөлүмдөрүндө флаг барбы?/Already has a bot flag in other wikis?

[булагын түзөтүү]

Жок.

Талкуу/Discussion

[булагын түзөтүү]

@Kairat Zamirbekov, сиз санаган барактардын мына шилтемедеги барактардан айырмасы барбы? --Раскольниковдун иниси (баарлашуу) 10:51, 16 январь 2026 (UTC)[жооп берүү]

@Janabaevazizbek, ооба, айырмасы бар. Мен жөнөкөй мисалдарды келтирдим, ошол үчүн стандарттык "техникалык отчетторго" окшоштой сезилсе керек, бирок бул отчеттор "аналитикалык отчетторго" жакын болот - алар кыйла көп, татаал жана аларга каалаган чыкпа, сорттоолорду колдонсо болот. Бот алардын баарын жарыялап, улам жаңыртып турат. - Kairat Zamirbekov (баарлашуу) 12:36, 16 январь 2026 (UTC)[жооп берүү]

Натыйжа/Summary

[булагын түзөтүү]