Мазмунга өтүү

Википедия:Добуш берүү/"Макала долбоору" мейкиндигин орнотуу

Википедия — ачык энциклопедия
Кыргыз Википедиясынын урматтуу жамааты!
2023-жылдын августунан бери колдонуудагы көп функциялуу "Википедия:Сомо" мейкиндигинин жоюп, анын айрым функцияларын аткара турган "Макала долбоору" мейкиндигин орнотуп, колдонуу сунушталууда.

Маселе

2023-жылдын 17-августунда Жамаат порталындагы “Википедия:Сомо” деген талкуунун алкагында төмөнкүлөр сунушталган болчу:
1) негизги мейкиндиктен тыш (өчүрүлгөн же көчүрүлгөн) же түзөтүлгөн болушу керек энциклопедиялык макалаларды, тизмелерди (булактары жок, ар кандай каталары көп же тийиштүү деңгээлде таризделбеген) “Википедия:Сомо” мейкиндигине көчүрүү;
2) негизги мейкиндиктен тыш (өчүрүлгөн же көчүрүлгөн) болушу керек энциклопедиялык эмес (булактарда кездешпеген (мисалы, айрым уламыштар), тарыхый жактан кызыктуу (мисалы, Кыргыз Википедиясын чагылдырган эссе), өзгөчө тил менен жазылган, жаңы макалалардын негизи боло алган) мазмунду “Википедия:Сомо” мейкиндигине көчүрүү;
3) толугу менен машиналык котормо болгон барактарды “Википедия:Сомо” мейкиндигине көчүрбөстөн, өчүрүү;
4) алгач Википедияда эмес жайгаштырылган энциклопедиялык эмес текстти “Википедия:Сомо” мейкиндигине көчүрбөстөн, өчүрүү.

Тактоо иретинде:
1) “Википедия/Сомо” – жалган мейкиндик, ал убактылуу колдонулуп, кадимки (интерфейстеги) мейкиндикке алмаштырылат деп пландалган эле;
2) кадимки мейкиндикти орнотуу пландалбаганы үчүн “Википедия:” префиксин жаңы ойлоп табылган префикске алмаштыруу мүмкүн эмес эле (интерфейсте каралбаган префикстен башталган барак негизги мейкиндикке таандык).

Негизинен бул сунуш колдоо тапты, бирок механизм даана такталыла элек болчу.

Эми, бир жылдан ашкан жүзөгө ашыруу практикасын карасак:
1) бир да булагы жок, ар кандай каталары көп, тийиштүү деңгээлде таризделбеген жана/же башка кемчиликтери бар, бирок өтө кыска, толугу менен машиналык котормо болбогон энциклопедиялык макалалар, тизмелер “Википедия:Сомо” мейкиндигине же тийиштүү баракты түзгөн, жигердүү колдонуучунун жеке мейкиндигине көчүрүлүп жатат;
2) сакталган энциклопедиялык эмес мазмундун мисалы: 2011-жылы түзүлгөн, эссе катары калтырылган Википедия:Сомо/Кыргыз тилинин азыркы абалы (2012-ж. Викикитепке жайгаштырылган);
3) басымдуу бөлүгү машинаналык котормо болгон барактар “Википедия:Сомо” мейкиндигине көчүрүлбөстөн, өчүрүлүп жатат;
4) барактын туура эмес аталышы, башка барак менен бириктирилүүгө же башка баракка көчүрүлүүгө тийиштиги “Википедия:Сомо” мейкиндигине көчүрүү үчүн критерий катары колдонулбай келет.

Статистика: “Википедия:Сомо” мейкиндигиндеги барактардын саны (талкуу башталган датасына карата): 184. Көпчүлүгү "бир да булак жок" деп көчүрүлгөн.

Күтүлүүчү натыйжалар:
- Кыргыз Википедиясы түшүнүктүүрөөк болот;
- иш алып баруунун жаңы ыкмаларынын өнүгүүсүнө өбөлгө түзүлөт.

Сунуш

1. Төмөнкү параметрлердеги жаңы мейкиндикти орнотуу:
- мейкиндиктин кыргызча аталышы: “Макала долбоору”;
- мейкиндиктин кыскартмасы (1-алиасы): “МД”[комм. 1];
- мейкиндиктин англисче аталышы (2-алиасы): “Draft article”;
- талкуу мейкиндигинин кыргызча аталышы: ”Макала долбоорун талкуулоо”;
- талкуу мейкиндигинин кыскартмасы (1-алиасы): “МДТ”
- талкуу мейкиндигинин англисче аталышы (2-алиасы): ”Draft article talk”;
- издөө тутумдары тарабынан индекстелиши: индекстелбейт;
- түзөтүү режими: визуалдуу, викитекст;
- демейки корголушу: болбойт;
- издөө параметрлери: издөө үчүн демейки мейкиндик болбойт;
- ички барактарды түзүү мүмкүнчүлүгү: түзсө болот[комм. 2].

2. “Википедия:Сомо” мейкиндигиндеги барактарды багыттама калтырбастан, “Макала долбоору” мейкиндигине көчүрүү.

3. “Макала долбоору” мейкиндигинин убактылуу иш тартибин төмөнкүдөй бекитүү:

1. Ушул Тартипте төмөнкүдөй негизги түшүнүктөр колдонулат:
- көчүрүү – бир мейкиндиктеги барактын мазмунун башка мейкиндикке таандык кылуу[комм. 3];
- макала – энциклопедиялык макала, энциклопедиялык тизме, тек маанисиздик барагы[комм. 4];
- макала долбоору – "Макала долбоору" мейкиндигинде түзүлгөн же ага көчүрүлгөн макала.
2. “Макала долбоору” мейкиндигинде негизги мейкиндиктен тыш болууга тийиш макалалар гана жайгаштырылат.
3. Төмөндөгүдөй барактар “Макала долбоору” мейкиндигине жайгаштырылбайт:
- энциклопедиялык эмес;
- энциклопедиялык маанилүүлүгүнүн жоктугу даана көрүнүп турган;
- сынамык;
- мазмуну жок[комм. 5];
- маңызы жок;
- өтө кыска (макаланын предметине жараша аныкталат);
- автордук укукту бузган;
- толугу менен чет тилде жазылган[комм. 6];
- мазмунунун басымдуу бөлүгү машинаналык котормо болгон;
- башка макаланы кайталаган[комм. 7];
- жарнамалык.
4. Төмөндөгүдөй макалалар “Макала долбоору” мейкиндигине жайгаштырылууга тийиш:
- бир да булагы жок;
- начар тиризделген[комм. 8];
- энциклопедиялык эмес стилде жазылган;
- көптөгөн фактологиялык, орфографиялык, грамматикалык, лексикалык, синтаксистик, пунктуациялык, стилистикалык, морфологиялык каталар менен жазылган;
- аныктыгы шек жараткан;
- предмети так аныкталбаган;
- ж.б.
5. Түзөтүү тарыхын сактоо (улантуу) максатында "Макала долбоору" мейкиндигине/мейкиндигинен көчүрүү көчүрүлө турган барактын аталышын өзгөртүү аркылуу жүзөгө ашырылат.
6. Макала долбоорун негизги мейкиндиктегидей эле каалаган[комм. 9]:
- түзөтө алат;
- аталышын өзгөртө алат;
- өчүрүүгө сунуштай алат.

Кабыл алуу

Макул

Кол коюу баскычы
  1.  Макул--Bosogo (баарлашуу) 16:16, 29 январь 2025 (UTC)[жооп берүү]
  2.  Макул--Baydastann 17:26, 29 январь 2025 (UTC)[жооп берүү]
  3.  Макул. Incall talk 17:48, 29 январь 2025 (UTC)[жооп берүү]
  4.  Макул - Janabaevazizbek (баарлашуу) 20:13, 29 январь 2025 (UTC)[жооп берүү]
  5.  Макул--Artelow (баарлашуу)
  6.  Макул --  Mirzoulug'bek |@  06:53, 3 февраль 2025 (UTC)[жооп берүү]

Каршы

  1. Каршы

Калыс

  1. Калыс

Пикирлер, сунуштар

Жыйынтык

Сунуш кабыл алынды.--Bosogo (баарлашуу) 14:46, 4 февраль 2025 (UTC)[жооп берүү]

Комментарийлер

  1. Мисалы, "МД:Жол чырак" = "Макала долбоору:Жол чырак".
  2. Англис тилиндеги "subpages". Мисалы, "Википедия:Добуш берүү/"Макала долбоору" мейкиндигин орунотуу" барагы "Википедия:Добуш берүү" барагынын ички барагы.
  3. Англис тилдүү Викимедиа долбоорлорунда барактын аталышын өзгөртүү "move" (көчүрүү) деп аталат. Мунун техникалык негизи бар: баракты кайра атаганда эски барактан жаңы баракка багыттама калтырылат, барактын мазмуну жана анын тарыхы болсо жаңы (жаңы аталыштагы) баракка көчөт. Мейкиндик бул процессте роль ойнобойт. Бизде "аталышты өзгөртүү" калыптанып калган.
  4. Тийиштүү калыптын аталышына ылайык. Терминди кийинчерээк талкууласак болот. Андай барактын мисалы, "Ак-Жар".
  5. Анын катарында: булактар келтирилген жана/же калыптар колдонулган жана/же бөлүмдөрдүн аталыштары бар жана/же категорияланган жана/же "Дагы караңыз" бөлүмү жазылган болсо, бирок негизги тексти жок барактар.
  6. Жарым-жартылай чет тилде жазылган болсо: чет тилдеги мазмун алынып салынууга тийиш.
  7. Андай макаланы түзгөн колдонуучу ал макаланын негизги автору жана улам салым кошуп турса, ал макала жеке мейкиндигине көчүрүлөт.
    Макала соңку жолу түзөтүлгөндөн бери көп убакыт өткөн болсо:
    1) пайдасы жок болсо – өчүрүлөт;
    2) пайдасы бар болсо – тийиштүү калып калтырылат.
  8. Макала шалаакылык менен (эптеп-септеп) жазылганы даана болгондо.
  9. Алдын алуу үчүн: каалаган каалаганын кыла алат дегенди билдирбейт.