Мазмунга өтүү

Википедия:Интерфейс администраторун шайлоо

Википедия — ачык энциклопедия

Шайлоо жобосу

[булагын түзөтүү]
  • Ар бир Википедиянын интерфейс администраторлорун ошол тил бөлүмдө катталган колдонуучулар шайлашат.
  • Интерфейс администраторлугуна өзүңүздү сунуштасаңыз болот же башка колдонуучулар сизди сунуштоосу мүмкүн.
  • Сизди интерфейс администратор катары шайлоо бул барактагы өтүнүчүңүздү колдогон же каршы добуштар менен чечилет.
  • Интерфейс администратору талапкерлигине коюу үчүн төмөнкү калыптагы маалыматты көчүрүп киргизип, бир-эки ооз сөз менен талапкерлик максатыңызды билдирип коёсуз.
  1. Талапкердин милдети, төмөнкү калыпты, көчүрүп киргизгенден кийин, колдонуучулар (добуш берүүчүлөр) тарабынан берилген суроолорго жооп берип туруусу зарыл, бул шайлоонун жыйынтыгын тездетет!
  2. Добуш берүү аяктаган соң, добуштарды эсептеп чыгасыз, ал үчүн калыптын эң астындагы Макул, Каршы талааларына канча добуш болгонун, сан түрүндө жазасыз, көңүл буруңуз ! Бул нерсени аткаруу милдеттүү эмес, бирок архивге сактоо үчүн маанилүү.
  3. Талапкерлигиңиз өтпөсө, кайра-кайра талапкерлигиңизди койбошуңуз керек. Антпесеңиз салымыңыз жокко чыгарылып же бир канча убакытка чейин бөгөттөлөсүз.
    Көңүл буруңуз ! Сиз добуш берүүдөн өтпөй калсаңыз, 3 ай ичинде кайрадан арыз берсеңиз болот.
  4. Талапкер өзүнө жана башка колдонуучунун атынан добуш бере албайт.
  5. Интерфейс администраторлорунун, жөнөкөй колдонуучулардан айырмасы, ага берилген айрым мүмкүнчүлүктөрүндө, ошол себептен, макамды алгандан кийин, себеби жок берилген мүмкүнчүлүктөрдү пайдаланбашы керек.
  6. Добуш берүүчү, добуш берип жатканда эмнеге жана кимге добуш берип жатканына көңүл бурушу керек[1].

Көчүрүүгө камылга

===[[Колдонуучу:колдонуучу атыңыз|колдонуучу атыңыз]]===
{{Sr-request

|Макул1= 
|Макул2=
|Макул3=

|Каршы1=
|Каршы2=
|Каршы3

|Калыс=
|Калыс=
|Калыс=
}}

Колдонуу үлгүсү

===[[Колдонуучу:Jimbo Wales|Jimbo Wales]]===
{{Sr-request

|Макул1= --~~~~
|Макул2=
|Макул3=

|Каршы1= --~~~~
|Каршы2=
|Каршы3

|Калыс1= --~~~~
|Калыс2=
|Калыс3=

|Макул = 1
|Каршы = 1
|Калыс = 0
}}

Добуш берүү үчүн төрт тильда белгисин коюңуз.

Талапкерлер / Candidates

[булагын түзөтүү]

Менин интерфейс админдиги статусум бүтөйүн деп жатат. Алты айлык интерфейс админлигимдин доорунда долбоорго 10 чакты гаджет алып келип, колдонуучуларга техникалык жактан көмөк көрсөттүм: 1, 2.

Мага берилген алты айлык интерфейс администраторлук мөөнөтүндө Кыргыз Википедиясы үчүн User:JigildikBot ботунун түзүлүшү көп убакытты жана эмгекти талап кылды. Ошондуктан, жарым калган иштеримди бүтүрүү жана ушул сыяктуу техникалык иштерди улантуу максатында кайрадан талапкерлигимди сунуштап жатам.

Учурда Кыргыз Википедиясында техникалык жумуштар менен алектене турган колдонуучу жок, ошондуктан бул ишти улантып, коомчулукка керек болгон интерфейс жана гаджет колдоосун камсыздап туруу абдан маанилүү болуп турат. Ошондуктан бул ишти улантуу үчүн кайра талапкерлигимди сунуштап турам. --Раскольниковдун иниси (баарлашуу) 20:24, 14 ноябрь 2025 (UTC)[жооп берүү]

@Adamboluu, @Aiyanakk, @Almanbet Janışev, @Абдырашит Сатылганов активдүү катышуучуларды добуш берүүгө чакырам. --Раскольниковдун иниси (баарлашуу) 06:19, 21 ноябрь 2025 (UTC)[жооп берүү]

Добуш берүү

[булагын түзөтүү]
Калыс --Artelow (баарлашуу) 18:15, 15 ноябрь 2025 (UTC)[жооп берүү]
 Макул --Baydastann (талкуу) 15:21, 17 ноябрь 2025 (UTC)[жооп берүү]


Саламатсыздарбы! Мен берген добушум боюнча өз пикиримди жазып коюууну туура көрдүм. Эгер жаңылышпасам колдонуучу Раскольниковдун иниси биринчи жолу өз талапкерлигин койгондо мен Калыс деген добушумду бергенмин. Себеби ичимден айрым күмөн саноолор өткөн эле, бирок азыр бул колдонуучу өзүнүн жасаган жумуштары менен менин күмөндөрүмдү толугу менен жокко чыгарды деп айта алам. Мурунку интерфейс админи учурунда мен бул колдонуучу менен биргеликте (албетте онлайн) иштештим. Теги каракалпак болгону үчүн, кыргыз тили маселесинде өзүмдүн жардамымды колдон келишинче берип турдум. Мындан кийин дагы жардам берүүгө ачыкмын. Баарыңарга ийгилик! Урматтоо менен --Baydastann (талкуу) 15:21, 17 ноябрь 2025 (UTC)[жооп берүү]

Эскертүүлөр

[булагын түзөтүү]
  1. Бул жобо толук иштелип болбогондуктан, Википедия:Администраторду шайлоо барагындагы шайлоо жобосу менен тең алынды