Википедия:Макамдарга сурамдар
Колдонуучулар Википедиядагы мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүчү техникалык укуктарды ала алышат. Бул үчүн алар өздөрүн талапкерликке көрсөтүп, жамааттын (талкуу менен же талкуусуз) добушуна ээ болуусу зарыл.
Администратор макамы вандализмден коргоо, бузуу аракеттерин токтотуу, макалаларды өчүрүү же калыбына келтирүү сыяктуу иштерди аткара ала турган ишенимдүү жана тажрыйбалуу катышуучуларга берилет.
Интерфейс администраторлору CSS жана JavaScript тилдеринде жазылган Википедиянын кызматтык беттерин түзөтө алышат, ал эми бул укукту алуу үчүн администратор же инженер макамы талап кылынат.
Тез артка кайтаруучу желеги вандализм жана спам аракеттерине каршы тура алган бардык ишенимдүү жана тажрыйбалуу колдонуучуларга берилет.
Бюрократ макамы администратор же арбитр болуп иштеп, ишенимин далилдеген катышуучуларга берилет, жана алар администратор макамын да, башка айрым укуктарды да ыйгара алышат.
Бот желеги, колдонуучулар колдогон гана талапкерге ыйгарылат.