Википедия:Тез артка кайтаруу

Тез артка кайтаруу (англ. Rollback) — бул бир катышуучунун акыркы түзөтүүлөрүнүн баарын баракты ачып түзөтпөстөн дароо артка кайтаруу мүмкүнчүлүгү. Негизги колдонуу багыттары — вандализмге жана спамга каршы аракеттер, ошондой эле өз түзөтүүлөрүн тез артка кайтаруу.
Көпчүлүк жаңы колдонуучулар тез артка кайтаруу желегин кадимки «кайтаруу» функциясынын толук кандуу алмаштыруучусу катары колдонуп жаңылышат. Чындыгында муну белгилүү бир учурларда гана колдонууга болот. Бул мүмкүнчүлүктү туура эмес колдонгон колдонуучулар аны колдонуу укугунан ажырап калышы мүмкүн.
Кыргыз тилдүү википедияда бул техникалык укук ишенимдүү жана тажрыйбалуу колдонуучуларга гана берилет.
Тез артка кайтаруучу желеги бардык администраторлорго автоматтык түрдө берилет. Ал эми колдонуучуларга, алардын өтүнүчү боюнча администраторлор тарабынан берилет.
Тез артка кайтаруучу желегин алуу
[булагын түзөтүү]Тез артка кайтаруучу желеги Википедия:Макамдарга сурамдар/Тез артка кайтаруучу атайын барагындагы талкуудан кийин берилет.
Тез артка кайтаруучу желеги бардык ишенимдүү жана тажрыйбалуу колдонуучуларга берилиши мүмкүн (талкуу менен).
- Тез артка кайтаруучу желеги жаңы колдонуучулар үчүн эмес: негизги мейкиндикте 200дөн аз түзөтүү жасаган колдонуучулардын өтүнүчү канааттандырылбайт. Мындан тышкары, жакында эле түзөтүү согушуна катышкан колдонуучуларга, кыянаттык менен пайдалануу коркунучунан улам, артка кайтаруу желеги берилбейт.