Википедия:Чечим кабыл алуучу
![]() | Бул барак Кыргыз Википедиясынын эреже долбоору. Азырынча бул барак эреже эмес. |

Чечим кабыл алуучу (англ. closer, кыскартмасы ЧКА) барактарын өчүрүүгө мүмкүнчүлүк берген техникалык желек. Чечим кабыл алуучу ВП:ТӨ дээрлик бардык критерийлери боюнча баракчаларды бат эле өчүрүүгө жана ВП:Өчүрүү үчүн жөнөкөй номинацияларга чечим кабыл алат.
Статусту ыйгаруу эрежелери
[булагын түзөтүү]Чечим кабыл алуучу статусу Википедияга катталган макалаларды өчүрүү талаптарын билген жана түшүнгөн жана Википедиянын эрежелери менен тааныш болгон колдонуучуларга ыйгарылышы мүмкүн. Чечим кабыл алуучу статусун алуу үчүн сиз талапкерликтер талкуулана турган Википедия:Суроолор/Чечим кабыл алуучу барагына өтүнүч калтырышыңыз керек.
Талапкер төмөнкү талаптарга жооп бериши керек:
Википедиянын кыргыз тилдүү бөлүмүндө 6 айдан кем эмес тажрыйбасы болушу керек;
Кеминде 1000 түзөтүүсү болушу зарыл;
Талкуу бир жумага созулат. Чечим кабыл алуучу статусу колдонуучуга администраторлордун бири тарабынан ыйгарылат.
Эгерде статус берилбесе, талкуу барагы жабылгандан кийинки 3 айдан кийин кайра кайрылуу сунушталат. Бул учурда, колдонуучу мурунку өтүнүчүнө шилтеме бериши керек.