Виллемстад

Википедия дан
Виллемстад.

Виллемстад - Антил аралдары (Нидерланддык) административдик борбору. Калкы 98,3 миң (2006). Кюрасао аралынын түштүк-батыш жээгинде. Кариб деңизинин түштүгүндөгү ири порт; Скоттегат табигый жабык гаванында жайгашкан; деңиз менен канал аркылуу (эки көпүрөсү бар) туташат. Океан кемелери да токтойт (Батыш жарым шардагы эң ири кургак док; нефть сактоочу жайы да бар). Эл аралык аэропорту бар. 1527-ж. испандар негиздеген, 1634-ж. нидерланддар басып алган. 17-18-к. Кариб деңизинин алабындагы кул соодалоонун башкы борборлорунун бири болгон. 18-кылымдагы черепица менен жабылган голландиялык үйлөр фонтандары менен, Амстердам форту (өкмөт резиденциясы; 1635), губернатор сарайы, ратуша, чиркөө (1769), кул соодалоочу эски базар, калкыма базар (тент менен жабылган кайыктар), Батыш Жарым шардагы байыркы Микве синагогасы (1732) сакталган. Шаардын тарыхый бөлүгү Бүткүл дүйнөлүк мурастын тизмесине кирген. Университет (1732), музейлер (Кюрасао, нумизматика, почта, улуттук археологиялык, антропология, деңиз ж. б.) бар. Виллемстад офшор бизнесинин жана чет элдик туризмдин борбору. Нефть ажыратуучу завод (негизинен Венесуэладан алат) иштейт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]