Винилиденхлорид
Винилиденхлорид, хлордуу винилиден, СН2=ССl2 — хлороформ жыттанган түссүз суюктук, кайноо t 31,7°С. В. 1, 1,2-трихлорэтандан щелочтор эритмелеринин жардамы менен хлордуу суутекти бөлүү (100°С) менен алынат. Ал өзүнөн өзү полимерленгендиктен ага ингибитор (гидрохинон) кошуп сактайт. В. полимерлер жана сополимерлер алуу үчүн коддонулат.
Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]
- Химия: Энциклопедиялык окуу куралы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004. - 422 б. ISBN 9967-14-021-6