Винчестер

Википедия дан

Винчестер, HDD (англисче Hard Disk Drive катуу дискти башкаруучу, айландыруучу) – компьютерде колдонулуучу магниттик катуу дискти башкаруучу (айландыруучу) түзүлмө. В. катуу дисктин (С:) диск алып жүрүүчүсүндө (дисководдо) жайгашат. Алюминийден жасалып, магнит материалы менен капталат. Анда бир нече диск айландыруучу моторго биринин үстүнө бири жайгаштырылган жана ар бир дискте окуу-жазуу куралы менен камсыз кылынган. Мындай дискте компьютердеги бардык программалык жабдуулар, аудио, видео фрагменттер, эсептөө жыйынтыктары ж. б. маалыматтар узакка сакталат. Диск чоң ылдамдыкта (болжол менен 3000 айл./мин) айланат. Магниттүү бөрк дисктин бетине жакын жайгашат. Диск алып жүргүчтөгү дисктен башка кассеталык дисктер да болот, алар аба менен үйлөтүлүп, суутулуп турат. Микрокомпьютердик системалар үчүн мындай дисктердин сыйымдуулугу ондогон Гбайттан жүздөгөн Гбайтка жетет.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]