Висконти Лукино

Wikipedia дан

Висконти Лукино (2. 11.1906, Италия, Милан шаары – 17. 3. 1976, Рим) – италиялык кино жана театр режиссёру, сценарийчи. Кинематографиялык ччыгармачылыгы 1936-ж. Францияда башталган. Висконтинин биринчи фильми («Оопайлык») Ж. Кейндин «Почтальон ар дайым эки жолу шыңгыратат» романы боюнча (1942) коюлган. Фашисттерге каршы күрөшкө катышып, камакка алынган. 1945-ж. «Даңктуу күндөр» аттуу даректүү фильмди тартууга катышкан. Висконтинин «Сулуунун сулуусу» комедиясы (1951), «Биз аялдар» кыска метраждуу новелласы (1953) согуштан кийинки Римдин көчөлөрү, шаардын психологиясы жөнүндө. Ф. М. Достоевскийдин «Буурул түндөр» (1957) повестин экрандаштырган. Драмалык жана музыкалык театрда У. Шекспирдин, А. П. Чеховдун, Ж. Коктонун, Ж. Ануйдун пьесаларын, Г. Доницеттинин, Ж. Вердинин, Р. Штраустун операларын койгон. «Чоң жетигендин булуттуу жылдыздары», «Венгриядагы өлүм», «Кабылан» фильмдеринде Верди ж. б. композиторлордун вальстарын колдонгон. Висконтинин «Кабылан» фильми 1962-ж. Канныда эларалык кинофестивалдын (ЭКФ) башкы байгесин, «Чоң жетигендин булуттуу жылдыздары» фильми 1965-ж. Венецияда Эл аралык кинофестивалдын башкы байгесин жеңип алган. Ги де Мопассандын новелласы боюнча «Сыйкырчылар» (1966), А. Камюнун романы боюнча «Бөтөн келин» фильмдерин койгон. 1970-ж. тартылган «Венециядагы өлүм» фильми 1971-ж. Канныда эл аралык кинофестивалдын сыйлыгына ээ болгон. «Людвиг» (1972), «Жасалгада үй-бүлө портрети» (1974), «Күнөөсүз» (1976) кинофильмдери лирикага, энелик мээримге, ашыктык сезимдерге жык толгон.

Колдонулган адабияттар[оңдоо | булагын оңдоо]