Висмут кен-таштары

Википедия дан

Висмут кен-таштары – курамында казып жана бөлүп алууга арзырлык өлчөмдө висмут металлы бар минералдардын жаратылыштагы жыйындысы. Кен-ташта (рудада) висмут өзүнүн минералдары, ошондой эле башка минералдардын кошундусу түрүндө кезигет. Дүйнө боюнча өндүрүлүп жаткан висмуттун 90%ке жакыны курамында висмуту бар коргошун-цинк, жез, калай ж. б. кен-таштарынан алынат. Арбын өлчөмдө (1%тен жогору) висмуту бар. Висмут кен-таштарынын кени жаратылышта сейрек. Кен-таштын курамында кезигүүчү висмуттун минералдары: табигый висмут (курамындагы Bi 98,5-99%), висмутин Bi2S3 (81,30%), тетрадимит Bi2Te2S (56,3-59,3%), козалит Pb2Bi2S5(42%), бисмит Bi2O3(89,7%), бисмутит Bi2CO3(0H)4 (88,5-91,5 ри пайда болушу жагынан гранит интрузиялары менен байланышгуу болуп, постмагмалык жана гидротерм жолу менен жаралган. Алардын негизги типтери төмөнкүдөй: курамында вольфрамит, берилл, молибденит, висмутин жана козалити бар грейзен жана кварц тарамчалары; висмутин жана висмуттун ар кандай сульфотуздары бар скарндар (шеелиттүү, жездүү жана полиметаллдуу); висмуту бар колчедандар; алтын-висмуттуу, мышьяк-висмуттуу, жез-висмуттуу, висмут минералы бар, калай-сульфиддүү, висмут минералы менен висмуту бар полиметаллдуу, кобальт-никель-күмүш-уран-висмуттуу гидротерм кендери. Экзогендик шартта алгачкы кендердин бузулуп үбөлөнүшүнөн базобисмутиттүү жана бисмутиттүү аллювий жана делювий-аллювий кен чачындылары пайда болот. Висмут кен-таштарынын чет өлкөлөрдөгү ири кендери: Перу (Серо-де-Паско), Канада, Боливия, АКШ ж. б.; Көз карандысыз мамлекеттердин;шериктештиги;(КМШ) өлкөлөрүндө: Орто Азия (Адрасман ж. б.) менен Чыгыш Забайкальеде (Белуха, Букума, Дарасун), Казакстанда (Сарарка, Рудалуу Алтай) ж. б. жерлерде бар. Кыргызстанда Висмут кен-таштарынын кени Иле Ала-Тоосунан табылган (Миронов кени).

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]