Витаминдүү тоют

Википедия дан

Витаминдүү тоют – витамини көп, аралаш тоют. Аны рационго кошуп, малга керектүү витаминди толуктоого болот. А витамини каротинге бай көк чөптө көп. 1 кг тоюттагы каротин (мг менен) уйбедеде 30-161, бедеде 61, кызылча жалбырагында 30-40, жакшы кургатылган чөптө 20-30, чөп унунда 100-250, жүгөрү силосунда 15-46, сабизде 70-95, чанактуу өсүмдүктөрдө 30-100; Д витамининин провитамини чанактуу өсүмдүктөрдүн кургак чөбүндө 750-900, уузда Д витамини 100-200, ошондой эле балык майында 50 000; Е витамини (мг) чанактуу өсүмдүктөрдүн көк чөбүндө 100-150, кургатылганында 70, көк бедеде 154, кургатылганында 25, буудай улпагында 3; В1 витамини (мг) буудай, кара буудай улпагында 5, арпада 4, жүгөрүдө 3; В2 витамини (мг) тоют ачыткысында 39-40, балык унунда 7-8, эт сөөк унунда 5, майы алынып кургатылган сүгтө 20-21; В12 витамини (мг) балык унунда 30-33, балык майында 30-80, эт-сөөк унунда 40-80; С витамини (мг) көкбедеде 900, кургагында 140, уй бедеде 400, кургатылганында 90, тоют кызылчасында 80, жүгөрү силосунда 60, уй сүтүндө 14 ж. б.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]