Витамин А

Википедия дан

Витамин А (ретинол), антиксерофтальмдык таасир берет. В. А организмде түрлүү функцияларды аткарат (өсүү процесси, көрүү активдүүлүгү ж. б.). Балык майы, балыктын боору, уй сүтү, сөөктө жана балык-унунда ж. б. В. А көп. Бул витаминдин гиповитаминозунун белгилери: малдын өсүү процесси, продуктуулугу, сүт, жумуртка берүүсү, төмөндөйт жана көрүү начарлап “тоок сокурлугу” (кеч күүгүмдө көздүн көрбөй калуусу) оорусун пайда кылат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Биология: Энциклопедиялык окуу куралы / Башкы ред. Ү. Асанов; Ред. кеңеш А. Токтосунов (төрага) ж. б. — Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, - 2004. 504 б. ISBN 9967-14-022-4