Владимир Набоков

Википедия дан
Владимир Набоков (1973).

Владимир Владимирович Набоков (ошондой эле Владимир Сирин каймана аты менен белгилүү; 1899-жыл 22-апрель — 1977-жыл 2-июль) — орус-америкалык жазуучу жана энтомолог болгон. Анын биринчи тогуз романы орус тилинде жазылган, бирок эл аралык атак-даңкка ал англис тилинде жаза баштагандан кийин жеткен.

Набоковдун англис тилиндеги эң таанымал "Лолита" (англ. Lolita, 1955) романы Modern Library басмаканасынын "Мыкты 100 роман" тизмесинде 4-катардан орун алган; "Кубарган жалын" (англ. Pale Fire, 1962) болсо ошол эле тизмеде 53-болуп жайгашкан, ал эми "Сүйлө, эс тутум" (англ. Speak, Memory, 1951) аттуу эскермеси басмакананын "20-кылымдын улуу даректүү чыгармасы" тизмесинде 8-катарга жайгашкан. Ал көркөм чыгарма боюнча Улуттук китеп сыйлыгынын жети жолку финалисти болгон.

Набоков лепидоптерист адиси болгон жана шахмат кадамдарын жазган.

Өмүр таржымалы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Чыгармалары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]