Власов, Валентин Степанович

Википедия дан
Jump to navigation Jump to search

Валентин Степанович Власов (1946 жылы 20 августта туулган) — орусиялык мамлекеттик ишмер. Орусиянын Кыргызстандагы мурдакы элчиси.

Өмүр-баяны[оңдоо | булагын оңдоо]

Туулуп өскөн жери — Архангельск. 1963 жылы "Красная кузница" деген заводдо токарь болуп иштеп баштады. Кийин Союздук Аскеринде кызмат өтөгөн. Демобилизациядан кийин Мурманск деңиз пароходстводо токарь болуп иштеди, Архангельск облустун жарандык коргонуу штабында мастер болду, кийинчирээк Архангельск соода профучилищенин НВПнын жетекчиси болуп даяндалды. 1974 жылдан баштап ВЛКСМдин комитетинин катчысы катары иштеп, 1976 жылдан — Архангельск ПШО партбюронун катчысы болуп иштеди. 1978 жылы сырттан окуп жүрүп (заочно) М.В.Ломоносов атындагы Архангельск мамлекеттик пединститутун аяктады.