Вокзал имараттары

Википедия дан

Вокзал имараттары (англисче Vauxhall Лондондогу көңүл ачуучу бактын атынан) – жүргүнчүлөрдү тейлөөчү имарат же имараттар комплекси. Вокзал имараттары автовокзал, аэровокзал, темиржол вокзалы, деңиз вокзалы жана дарыя вокзалы болуп бөлүнөт. Магистралда жайгаштырылышы боюнча акыркы же аяккы, түйүндүү, аралык, транзиттик; жүргүнчүлөрдү тейлөөгө жараша алыскы, жергиликтүү, шаар айланасына каттоочу, эл аралык деп аталат. Вокзал имараттары негизинен жүргүнчүлөрдү тейлөө иши, билет сатуу, жүктөрдү кабыл алуу жана кайра берүү, кол жүктөрүн сактоо, транспорттун келип-кетишин өз убагында жарыялап туруу ж. б. кызматын аткарып, вокзал алдындагы аянт, жүргүнчүлөр залы, касса, перрон, почта, кызматчылар бөлмөлөрү, буфет, ресторан жана мейманкана ж. б. турат. Транспорттун бир нече түрлөрүн бир убакта пайдалануучу жүргүнчүлөр үчүн атайын бириктирилген вокзалдар курулат. Алгачкы Вокзал имараттары 1822-25-жылдары Стоктон – Дарлингтон (Англия) линиясында темир жол боюнча жүргүнчүлөрдү ташуу учурунда курулган. 19-кылымдын башында жана 20-кылымдын аягында Вокзал имараттарын куруу ири шаарларда тездик менен өнүгө баштаган. Бириктирилген Вокзал имараттары шаардык транспорттун кыймылын азайтып, транспорттук жана инженердик коммуникацияларды жана толук баалуу, өнүккөн архитехтуралык ансамблди курууну жеңилдетет. Кыргызстанда темир жол вокзалдары жана автовокзалдар гана бар.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]