Волга-Урал нефть-газ бассейни
Jump to navigation
Jump to search
Bолга-Урал нефть-газ бассейни – Россия Федерациясынын аймагында (Татарстан, Башкыртстан, Удмуртия; Пермь, Оренбург, Куйбышев, Саратов, Волгоград, Киров, Ульянов облусу). Жалпы аянты 700 миң км2. 900дөн ашык нефть, 50дөй газ кени табылган. Кендер негизинен девон, карбон жана пермдин чөкмө тоо-тек катмарынын арасындагы 1600-3000 м тереңдикте жайгашкан 30 мге чейинки калыңдыктагы кумдук, акиташ, алевролит жана чополуу тоо-тектеринин брахиантиклиналдарында топтолгон. Ири кендери: Ромашка, Оренбург, Туймаза, Шкаповский, Арлан ж. б.
Колдонулган адабияттар[оңдоо | булагын оңдоо]
- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 2-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2007. 808 бет, илл. ISBN 978 9967-14-055 -4