Владимир Волжанский

Википедия дан
Волжанский Владимир Александрович‎»‎ барагынан багытталды)

Волжанский Владимир Александрович (30. 5. 1917, Россия империясы, Иваново-Вознесенск шаары – 3. 10. 1983, СССР, Москва шаары) – цирк артисти, режиссёр, СССР эл артисти (1979). Дарчылар династиясынын негиз салуучусу. Цирк аппараттарынын конструктору. 1933-ж. Цирк искусствосу техникумун бүтүргөн. 1933-ж. бир тууганы Николай Александрович Волжанский (1913–90) менен бирге Союзмамциркте «Акробаттар-вольтижёрлор» номери менен иштей баштаган. 1944-ж. цирк искусствосунун 2-Бүткүл союздук конкурсуна В. А. Волжинский өзүнүн жасаган аппараттары менен эквилибристика соло номерин даярдаган. 1950-жылдарда цирк жанрынын реформатору катары аркан аркылуу басып чыккан. В. А. Волжинский «Жантык канат» (1950), «Жылдыздар дүйнөсү» (1959), «Жылдыздуу дарчылар» (1967) аттуу жаңы номерлер менен трюктардын жаратуучусу. В. А. Волжинский аткаруучу, режиссёр жана аттракцион аппараттарынын түзүүчүсү. 1977-ж. Москвадагы Вернадск проспектиндеги Циркте «Прометей» пантомимасынын премьерасы болгон. 1997-ж. Иваново шаарындагы циркке В. А. Волжинскийдин ысмы берилген.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]