Вольфрам кен-таштары

Википедия дан

Вольфрам кен-таштары – курамында казып жана бөлүп алууга арзырлык өлчөмдө вольфрам металлы бар минералдардын жаратылыштагы чогундусу. Негизги минералдары вольфрамит (курамында WO3 74-76%) жана шеелит (WO3 80%). Эндоген кендери көбүнчө гранит интрузиялары менен байланыштуу болуп, постмагмалык, пневматолит же гидротерм процесстеринин натыйжасында пайда болот. Алар төмөндөгүдөй негизги типтерге бөлүнөт: вольфрамиттин майда бүртүкчөлөрү, кээде штокверкти түзүүчү ичке кварц-вольфрамит тарамчалары бар альбиттешкен, грейзендешкен жана кварцташкан граниттин же гранит-порфирлердин штоктору; вольфрамит, сейрек учурда шеелит, касситерит, берилл, арсенопирит, висмутит, молибденит, пирит ж. б. сульфиддери бар кварц-талаа шпаты, кварц-топаз, кварц-флюорит жана кварц тарамдары; кварц-шеелиттүү тарамдар, сульфиддер менен минералдашкан зоналар жана штокверктер; курамында ферберит, антимонит, киноварь, барит бар кварц-алтын-шеелиттүү жана кварцантимонит-шеелиттүү тоотектер; молдибденит, халькопирит, галенит жана сфалерит бар гранит- пироксен-скаполит курамындагы шеелиттүү скарндар. Вольфрамдын ири кендери скарн жана штокверктерде, эң байы тарамдарда кездешет. Эндоген кендеринин бузулуп талкаланышынан вольфрамит жана шеелит минералдарына бай делювий жана аллювий кенчачындылары пайда болот. Вольфрам кен-таштарынын ири кендери КМШ өлкөлөрүндө (Забайкалье, Орто Азия, Казакстан, Приморье ж. б.), КЭР, Түштүк Корея, АКШ, Австралия, Португалия, Перу, Таиланд, Бирма ж. б. жерлерде бар.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]