Мазмунга өтүү

Вольфрам оксиддери

Википедия — ачык энциклопедия

Вольфрам оксиддери – вольфрам менен кычкылтек бирикмелери: WО2, WО3. Вольфрам кош оксиди WО2 – күрөң түстөгү күкүм же кристалл; тыгызд. 12,11г/см3; балкып эрүү темп-расы 1270оС; сууда, щелочтор жана окистендиргич эмес к-талар эритмелеринде эрибейт. НNO3 таасиринен жана абада ысытканда WО3 чейин окистенет. WО3 суутек менен 575-600оС калыбына келтирүүдө алынат. WО3- кызыл-саргыч күкүм; тыгызд. 7,16; балкып эрүү темп-расы 1470оС. Плавик к-тасынан башка к-таларда, сууда эрибейт; щелочтор, Na2CО3 жана NH3тү таасир эткенде вольфраматтарды пайда кылат. 800оС жогору темп-рада бууланат. Ал вольфрам к-тасын 500-800оС термиялык ажыратуудан, ошондой эле вольфрамды абада 500оС жогору темп-рада окистендирүүдөн алынат. В. о. металл түрүндөгү вольфрамды жана анын карбидин алууда сырье, чоподон, айнектен жасалган буюмдарды боёодо жана катализатор катары колдонулат.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]