Мазмунга өтүү

Вольфрам сульфиди

Википедия — ачык энциклопедия

Вольфрам сульфиди — вольфрам менен күкүрт бирикмелери: WS2, WS3. Дисульфид WS2 — кара-боз түстөгү күкүм; тыгызд. 7,5г/см3; жаратылышта тунгстенит минералы түрүндө кездешет. Катмардуу гексагоналдык торчо түрүндө кристаллдашат. Сууда эрибейт, НNO3 менен HF аралашмасы жана балкып эриген щелочтор оңой таасир этет. WS3тү абасыз ысытууда же күкүрт буусун ысытылган W же WS3, аркылуу өткөрүүдө алынат. Вольфрам үч сульфиди WS3 ― кара күкүм, сууда начар эрийт, щелочтуу металлдар гироксидинин, карбонатынын жана сульфидинин эритмесинде — Ме2WО3S, Ме2WО2S2, Ме2WОS3, же Ме2WS4 курамдарга ээ болгон тиовольфраматтар пайда кылуу менен жакшы эрийт. Коллоиддик эритмелерге оңой өтөт. Абада ысытканда WО3 айланат. Тиовольфраматтар эритмелерине туз же күкүрт к-таларын таасир эткенде алынат. В. с. хим. реакцияларда катализатор катары колдонулат.

  • Химия: Энциклопедиялык окуу куралы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004. - 422 б. ISBN 9967-14-021-6