Вперёд (гезит)

Википедия дан
Вперед (газета)‎»‎ барагынан багытталды)

Вперед (газета) -

1) большевиктердин жума сайын чыккан алгачкы газетасы.

1904-жылдын 22-декабрынан (1905-ж. 4-январдагы) 1905-жылдын 5 (19)-майына че­йин Женевада 10—15 нускада 18 са­ны чыккан.

Большевиктик алгачкы борбор — көпчүлүк комитеттеринин бюросунун органы. РСДРПнзга борб. органы «Искра» газетасын меньшевиктер ээлеп алгандан кийин түзүлгөн.

«Вперед» «Искранын» жолун жолдоп, рев-ячыл пролет, партпясын чыңдоо учун оппортунпзмге карты күрөш жүргүздү. «Вперед» газетасынын уюштуруучусу, идеялык жетекчи жана ре­дактору В. И. Ленин болгон, газетага анын 40тан ашык макаласы жарыяланган.

Газета большевиктердин саясий жана уюмдаштыруу жактан чыңалышына зор таасир кылып, жаңы типтеги партияны түзүүдө жана РСДРП- нин 3-съездин даярдоодо олуттуу роль ойногон.

2) Большевиктердин кун сайын чыккан легалдык газетасы. «Волна» газетасынын ордуна Петербургда чыгып турган, 1906-жылдын 26-майынан |8-июнь) 14(27)-июлуна чейин 17 са­ны чыккан. 1906-ж. 22-июндан (5- июль) «Вперед» газетасынын ордуна кун сайын большевиктик «Эхо» газетасы чыга баштаган.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.