Врачтык эмгек эксперт комиссиясы

Википедия дан

Врачтык эмгек эксперт комиссиясы (ВЭЭК) — анатомиялык кемтиктерден жана оорунун кесепетинен ишке жарамдуулукту убактылуу же узакка жоготууну, майыптыктын топторун, анын себептерин аныктоочу врачтык комиссия. Бул Кыргыз Республикасында 1939-ж. Уюшулуп, ал райондук, район аралык, шаардык, облусу, респубилкалык болуп, медициналык мекемелердин базасында Эмгек жана социалдык жактан коргоо министрлигинин медициналык-социалдык экспертиза башкы башкармасы уюштурат. ВЭЭК негизги адистиктеги (терапевт, хирург, неврапатолог ж. б.) врачтык эксперттерден турат; комиссиянын карамагына, ошондой эле профсоюз уюмдарынын жана социалдык камсыздандыруу органынын өкүлдөрү да кирет. ВЭЭК эмгекке таптакыр же узакка жарамсыздыгын аныктап, эмгекке жарамдуулукту толук же жарым жартылай калыбына келтирүү үчүн керектүү иш-чараларды белгилейт. ВЭЭКтин чыгарган жыйынтыгынын негизинде жумушчулар жана кызматкерлер кесиптик жумуштарынан бошотулат, аларга мамлекеттик мыйзам боюнча пенсия дайындалат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]