Ник Вуйчич

Википедия дан
Вуйчич, Ник‎»‎ барагынан багытталды)
Вуйчич Ник
Жалпы маалымат
Төрөлгөндө берилген аты: Николас Жеймс Вуйчич (Nick James Vujicic)
Туулган жылы: 1981-жылы 4-декабрь
Туулган жери: Австралия, Брисбан,Австралия
Өлкө: Австралия
Ишмердүүлүгү: оратор

Вуйчич Ник - Австралиялык оратор.

Кыскача өмүр баян[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Ымыркайдын колу да,буту да жок болуп төрөлгөн, бир гана сол бутунун ордуна эки манжасы бар.

Ник сербиялык эмигранттардын үй-бүлөсүндө туулган,атасы-протестант дининин кызматкери,энеси- эмчи эже болуп иштейт.

Баланын атасы төрөт учурунда болуп,өз көзү менен көрүп ишенген эмес,ымыркайдын колу жок болгон бир гана ийинин көрүп,төрөт бөлмөсүн таштап чыгып кетет.

Кийинчерээк доктурга барып сурайт:»Менин уулумдун колу жок болуп торолду?,эмне үчүн?»,-деп сурайт.Доктур: «Ымыркайдын колу,буту жок болуп төрөлдү»,-деп жооп кайтарат.


Ортодон убакыт өтө берет,кийин кайгыга батып,депрессия Никке келген.8жашында өзүнүн дене боюндагы кемчиликтерин көрүп, кайгырып,кыйналган,өзүн-өзү ваннага барып чөккүсү келген,бирок ата-энесинин ыйлап жатканын,кантип жерге коюп жатканын элестетет.

Ошондо гана кудайдан күнү-түнү кол,бут берүүсүн тилегени ишке-ашпай,эч кандай майнап чыкпаарына көзү жетип,түшүнгөн,ошондон баштап өзүнүн кемчиликтери жөнүндө көп ойлонууну токтоткон.


Никке ата-энеси электрондуу кол сатып беришкен,бирок тилекке каршы кичинекей балага абдан оор болуп,эч кандай натыйжа берген эмес,андан кийин ал өзүнүн төрөлгөндө берген сол бутунун ордуна эки манжасын колдонуп,жеке өзү тиш жууганды,телефонго жооп бергенди,жада калса компьютерди иштетип жазганды үйрөнгөн.


Ата-энеси өкмөттөн орто мектепке окууга жөнүндө уруксат алышкан.Баланын классташтары жана теӊтуштары Ник менен ойноону каалашкан эмес.

Чындыгында эле,Ник эч нерсе кыла алган эмес-топ тебүү,тозуу,кубалап,чуркай да алган эмес,бирок ага карабастан бала бардык күч менен аракет кылган,ошентип ал мектепке барган,жакшы окуган,жазганды билген,7-классында класска башчы болгон,кичинекей болгонуна карабастан кайрымдуулук акцияларына катышкан,бир гана булар менен чектелбестен сүзгөндү,скейт тепкенди,компьютерди колдонгонду билген.


Көп убактысында Кудай жөнүндө ойлогон.Ал мындай деген: «Эгерде мени Кудай ушундай кылып жаратса,демек мен Кудайга ушундай бойдон керекмин»,- деп айткан жана эӊ башкы Кудай берген белгини издеген.


Жооп жаш балага кийин келген,качан гана Ник Гриффит Университетинин (Griffith University) финансовое планирование бөлүмүндө студент болуп жүргөндө,бир күнү студенттердин алдында чыгып берүүсү боюнча чакыруу алат.

Ник студенттердин алдында өзү эмне билсе,ошол нерселерди айтып берген,аягында залда отургандардын баары кол чабышып,ыйлап жиберишкен. Үйгө келип ата-энесине жарыялайт,ал түшүнгөн эмне менен алектенсе болот жана бул жашоодо эмне менен алектенсе болот.


Ний Вуйчич элдер менен пикир алышкысыкелген жана келечекте өзүн – оратор, дин кызматкери болууну каалаган.Ал бекем бир чечимге келген,төрт тарабын карап орута бербей жана бир жерде отурбастан, аны келечекте дүйнөдөгү элдер өзүнүн башына түшкөн оор түйшүктөрү менен күтүп турганын жана Ник ошол ар бир элге кандай багыт берүү керектигин сезген.


Ушул убактан тартып ал жылына 250 лекциясы менен өлкөлөрдү кыдырып,бийик ийгиликтин тепкичине көтөрүлө баштаган.Ошондо гана Кудай берген белгини тапкан,колу,буту жаш бала дене бою толук адамдар жасабаган нерселерди,иштерди жасаган.

Ийгиликтери[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Ал «Жашоо чексиз» ( «life without limbs») организациясынын лидери жана орун басары,бул организацияны жеке өзү ачкан, ал өзүнүн кебинде адамдарга «Ишеним» керек экендигин баса белгилейт. Н.Вуйчичтин 1-китеби «Жизнь без ограничений» эӊ кызыктуусу китебин өзү өз алдынча компьютерге басып жазган.


Бүгүнкү күндө Ник Калифорния штатында жашайт,ал эми 12-февралда 2012-жылы ДОСу, татынакай айым Канаэ Миахарага үйлөнгөн.Жубайынын дене-бою толук адам.

Жашоосу жумуш,эс алуу менен өтөт.Бош убактысында лекция жана каттарга жооп берет,Ник гольф ойнойт,балык уулоону жактырат,серфинг менен машыгат.

Ал кичинекей балдарга жана мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга жардам берет.

2005-жылы Ник «Молодой австралиец года» наамына ээ болгон.

2009-жылы «Көпөлөктөр цирки» («The Butterfly circus») киносуна тартылган,бул жерде Уилл, анын жашоо-тиричилиги көрсөтүлөт.

24 өлкөгө барып мектептерде,университеттерде ж.б. организацияларда барып лекциясын окуп келген.

Сырткы шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Life Without Limbs