Вульгардык социологизм

Википедия дан

Вульгардык социологизм – кээ бир коомдун өнүгүшүнүн факторлорун: техниканы, экономиканы, саясатты, идеологияны өндүрүштү уюштуруунун формаларын бир тараптуу ашыра маанисин жогорулатуунун, коомдук көрүнүштөрдү жөнөкөйлөтүүнүн аркасында тарыхты материалисттик түшүнүүнү бурмалаган агым.

Адамга аныктама берүүдө анын биологиялык жаратылышынын маанисин этибар албайт. Философияда (Богданов, Ш. Шулятников) адабий сын менен эстетикада (В. Переверзев, В. Фриче) Вульгардык социологизм идеологиянын салыштырмалуу өз алдынчалыгы менен идеологиянын бардык формаларын тикеден тике өндүрүштүн чыгаруу жолу байланышын танып, коомдук аң-сезимдин коомдук болмуштан көз карандылыгын бурмалап, туура эмес интерпретациялаган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Философия (энциклопедиялык окуу куралы).-Б.: 2004, ISBN 9967-14-020-8